Түркиянын Чанаккале аймагында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын эпкини коңшу аймактарда да сезилген.
Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматында айтылат.
Сейсмологдорунун айтымында, жер титирөөнүн очогу 243 миңдей адам жашаган Маниса шаарынан 135 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Силкинүү булагы 10 км тереңдикте болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча зилзаланын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бүгүн Түркияда Болу провинциясындагы лыжа базасында чыккан өрттөн 76 адам каза болгонуна байланыштуу улуттук аза күтүү жөрөлгөсү өтүп жатат. Өрт шейшембиге караган түнү чыккан.
Эске салсак, 2023-жылдын февраль айында Түркияда катталган жер титирөөнүн кесепетинен 50 миңдей киши каза болгон. Бул кырсыктын айынан коңшу Сирияда да миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган.


















