Мексика бийлиги Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин АКШдан чыгарылып кетиши мүмкүн болгон мигранттарды кабыл алуу программасы башталганын жарыялады, деп билдирет ТАСС.
Мексиканын президенти Клаудиа Шеинбаумдун күн сайын өтүүчү пресс-конференциясында өлкөнүн ички иштер министри Роза Исела Родригес: “Кошмо Штаттардагы мексикалыктардын репатриациясына жооп катары, Мексика өкмөтү аларды тосуп алуу үчүн”Мексика сени кучак жайып тосуп алат”.- деп аталган натыйжалуу стратегияны даярдады”,- деди.
Родригес “Мексика өз жарандарын коргоо жана кам көрүү үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасайт жана репатрианттарды өз өлкөсүнө реинтеграциялоо үчүн кабыл алуу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасайт”,- деп кошумчалады. Ал Мексиканын бийликтери Трамп мигранттарды массалык түрдө чыгаруу планын жарыялагандан кийин дароо АКШдан мекендештерин депортациялоого даярдана баштаганын түшүндүрдү.
“Албетте, биз буга макул эмеспиз, бирок бул чара ишке ашса, аларга Мексика өкмөтүнүн социалдык камсыздандыруу программаларына, алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык кызматтарга, келип чыккан жерлерине транспортко, телефонго кирүү мүмкүнчүлүгү берилет”, – деп билдирди министр.


















