Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Өспүрүмдөр арасында баңги заттарды колдонууга бөгөт коюлат

  • Эксперттин пикири
  • 16.01.2025 11:27

Loading

14-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев жана Аида Исатбек кызы демилгелеген.

Мыйзам долбоору бир катар кодекстер менен бирге “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Тема боюнча

АКШда марихуананы колдонгондор көбөйүүдө

АКШда марихуананы колдонгондор көбөйүүдө

25.08.2026

Эл өкүлү баңги жасоочу каражаттарды колдонууга, жарнамалоого жана эл алдында чакырыктарга, баңги жасоочу каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүүгө багытталган аракеттер үчүн жазаны күчөтүү керек экендигин белгилейт.

Анткени акыркы жылдарда коомдо “аптекалык баңгичилик” деп аталып, күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан кооптуу тенденция байкалууда.

Ал коомдо “аптекалык баңгичилик” деп аталган күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын Бишкек менен Ошто окуучулар чегип көрүшкөнүн баса белгилеген.

Буга чейин жаштар арасында баңги затын колдонуу фактылары көбөйгөндүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, «Рефлекс» аттуу профилактикалык иш-чара жүргүзүлгөнүн билдирген. Анын максаты психоактивдүү, синтетикалык баңги заттарды жана психотроптук заттардын жайылышын алдын алуу жана ага каршы туруу болуп саналат.

Расмий органдар соңку үч жыл ичинде маңзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынганын билдирген.

Өлкөдө маңзат даярдоо, сатуу, жеткирүү оор кылмыштардын катарына кирет. Бул кылмыш үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.

Баңгилик адамды наркотикти дайыма талап кылуу абалына жеткирип, анын акыл-эси жана күч-кубаты наркотикти кабыл алган же албагандыгына жараша болот. Ал ден соолукту бузуп, социалдык деградацияга дуушарлантат. Башты айлантып, мас кылып, магдыратуучу касиети бар апийим, кокаин, нашаа, марихуна, алкоголь, морфий, бром сыяктуу заттар наркотикке кирет.

Адамдын баңги затка берилип кетишинин себептерин ар ким ар кандай жоромолдойт. Айрымдар бир жолу сайынып же болбосо жыттап көрөйүн деп көнүп кетишсе, экинчилери турмуштун кыйынчылыктарын, башка түшкөн түйшүктү көтөрө албай ушундай жолго түшүп кетиши мүмкүн.

Адис эмне дейт?

Өспүрүмдөрдүн баңгиликке көз карандылыгын дарылоо амбулатордук кызматтар менен көрсөтүлөт

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун  өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаевага кайрылып,  өспүрүмдөр арасындагы катталган наркология же “аптекалык баңгичилик” боюнча бир катар суроолорго жооп алдык.

-Тинатин Азаматовна, наркоманияны дарылоонун стационардык бөлүмдөрүндөрүндө жаштар дарылынып жаткан учур барбы?

-Ооба, өспүрүмдөрдү наркологиялык стационардык мекемелерде дарылаган учурлар бар.

Бирок мындай жардамды уюштуруунун өзүнүн өзгөчөлүктөрү жана чектөөлөрү болот. Тилекке каршы, учурда балдардын наркомания боюнча адистештирилген ооруканалары жок. Өспүрүмдөрдүн баңгиликти дарылоо негизинен амбулатордук кызматтар менен көрсөтүлөт. Мында өспүрүмдөр күнү-түнү көзөмөлдө болуп, баңги адистеринен жана психологдордон консультацияларды алышат. Ошол эле учурда дарыланышат.

Ал эми өспүрүмдүн абалы боюнча наркомания бөлүмүнө жаткыруу талап кылынган учурларда бейтаптар менен бирге болууга аргасыз болушат. Бул белгилүү бир кыйынчылыктарды туудурат. Анткени баңги затка байланыштуу оорулардан жапа чеккен өспүрүмдөр бейтаптар менен төшөк бөлүшүү өспүрүмдөр үчүн кошумча коркунучтарды жаратышы мүмкүн.

Эгерде өспүрүм стационардык психиатриялык жардамга муктаж болсо (мисалы, психоактивдүү заттарды колдонуу менен байланышкан курч психикалык бузулуулар болгондо) ал адистештирилген психиатриялык бөлүмдөргө жиберилет.

Мындай учурларда бойго жеткен бейтаптар менен байланышты азайтуу үчүн өзүнчө өспүрүмдөр бөлмөлөрү каралган.

Инфраструктурада болгон чектөөлөргө карабастан, баңгилик көйгөйү бар өспүрүмдөр керектүү медициналык жардам менен камсыз болушат. Бирок балдардын наркомания боюнча адистештирилген ооруканаларынын жоктугу бул жаатта саламаттыкты сактоо системасын мындан ары өнүктүрүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат.

-Жаштардын наркоманияга байланганынын негизги себептери кайсылар?

– Өспүрүмдөрдүн баңгиликке байлануу себептери ар кандай факторлордун таасири астында пайда болгон көп кырдуу көйгөй.

Негизги себептерге төмөнкүлөр кирет: Социалдык себептер, үй-бүлөдөгү жагымсыз чөйрө, анын ичинде эмоционалдык колдоонун жоктугу, чыр-чатактар же ата-энелердин наркомания менен алектениши.

Мындан тышкары чөйрө, мисалы, курдаштарынын терс таасири, өзгөчө топтук заттарды колдонуу. Ал эми өспүрүм заттарды колдонуу менен компенсациялоого аракет кылган социалдык обочолонуу же жалгыздык сезими.

Өспүрүмгө психологиялык себептер да таасир этет. Өзүн төмөн баалоо, тынчсыздануу же депрессия. Коркунучтуу жүрүм-турумга тенденция, психологиялык травма же стресстик кырдаалдар менен күрөшүүгө аракет кылуу.

Ошол эле учурда маданий-маалыматтык себептер да таасирин тийгизбей койбойт. Психоактивдүү заттардын, анын ичинде интернет аркылуу баңги заттарын сатуунун болушу. Популярдуу маданиятта жана социалдык медиада баңгизатты колдонуунун романтикасы. Биологиялык факторлор, генетикалык ийкемдүүлүк, өспүрүм курактын өзгөчөлүгү жана өзүн-өзү башкара турган мээ системаларынын калыптанышы да өтө чоң таасирин тийгизет.

-Алдын алуу жолдоруна токтоло кетсеңиз.

-Өспүрүмдөрдүн баңгичиликтин алдын алуу боюнча чаралар атайын програмынын негизинде көрсөтүлгөн.

Бул илдеттин алдын алуу комплекстүү болууга тийиш жана төмөнкү чараларды камтыйт.

Өспүрүмдөрдүн баңги затка көз карандылыгынын алгачкы алдын алуу – бул психоактивдүү заттарды колдонуунун башталышынын алдын алууга багытталган иш-чаралардын комплекси. Ал билим берүү, социалдык, саламаттыкты сактоо жана укуктук демилгелерди, ошондой эле дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн азайтуу боюнча чараларды камтыйт.

Буга тарбиялык чаралар да кирет. Мисалы, мектептерде жана жогорку окуу жайларында өспүрүмдөрдүн психоактивдүү заттардын зыяндуулугу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана аларды колдонууга сын көз карашты калыптандырууга багытталган программаларды өткөрүү. Баңгизатты токтотуу, стрессти башкаруу жана конфликттерди чечүү көндүмдөрүн үйрөтүү. Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу, башкача айтканда тренинг, ролдук оюндар, талкуулар.

Ал эми ата-энелер үчүн: ата-энелерди балдарда баңги заттарды колдонуунун алгачкы белгилерин таанууга үйрөтүү. Билим берүү, эмоционалдык колдоо жана контролдоо маселелери боюнча өз компетенцияларын жогорулатуу.

Маалыматтык кампаниялар тарабынан: Социалдык тармактар, телевидение, радио жана интернет аркылуу баңги заттарды колдонуунун кесепеттери жөнүндө материалдарды иштеп чыгуу жана жайылтуу. Коомдук ишмерлерди, спортчуларды жана искусство ишмерлерин сергек жашоо образын жайылтуу боюнча акцияларга тартуу.

Дени сак эс алуу учун шарттарды түзүү, жаштардын демилгелерин колдоо, спорттук секцияларды, чыгармачылык клубдарды жана жаштар борборлорун уюштуруулар да жаштардын наркоманияга болгон көз карашын калыптандырат.

Укуктук жактан: дары-дармектерге жетүүнү кыскартуу, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, укук коргоо органдарынын дары-дармек менен камсыздоо каналдарын, анын ичинде онлайн сатууну аныктоо жана жоюу боюнча ишин күчөтүү зарылчылыгы бар. Коомдук жайларда жана социалдык тармактарда «кыстармаларды» жана баңги заттарды мыйзамсыз жарнамалоону жоюу менен бирге фармацевтикалык продукцияны көзөмөлдөө зарыл.

– Статистика боюнча Кыргызстанда канча өспүрүм каттоодо турат?

-Статистикалык маалымат жаш өспүрүмдөрдүн эртеңки келечеги, укугун эске алуу менен берилбейт. Анын үстүнө качан гана өспүрүмгө наркологиялык катоого алганыбызда гана коебуз. Мындан тышкары биз өлкө боюнча ар бир мектепте түзүлгөн комиссиялар менен тыгыз иштешип, тиешелүү органдар менен бирге бир бүтүмгө келгенден кийин гана жыйынтык чыгат.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: баңгичиликМаңзатмыйзамөспүрүмдөр
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Казакстан 16 жашка чейинки балдардын соцтармак колдонушуна тыюу салууга даярданууда

Казакстан 16 жашка чейинки балдардын соцтармак колдонушуна тыюу салууга даярданууда

26.08.2026
АКШда марихуананы колдонгондор көбөйүүдө

АКШда марихуананы колдонгондор көбөйүүдө

25.08.2026
Иранда Ормуз кысыгынан АКШ жана Израилдин кемелеринин өтүшүнө тыюу салуу жактырылды

Иранда Ормуз кысыгынан АКШ жана Израилдин кемелеринин өтүшүнө тыюу салуу жактырылды

10.08.2026
ЖККУ ПА “Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө”  мыйзамын кабыл алды

ЖККУ ПА “Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамын кабыл алды

09.12.2025
Казакстанда ала качуунун жазасы күчөтүлдү

Казакстанда ала качуунун жазасы күчөтүлдү

19.09.2025
Казакстанда коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө расмий түрдө тыюу салынды

Казакстанда коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө расмий түрдө тыюу салынды

01.07.2025
Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

30.04.2025
Кыргызстанда адамдын жүзүн чүмбөтөп жүрүүгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кыргызстанда адамдын жүзүн чүмбөтөп жүрүүгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

10.04.2025
Түркиянын 71 провинциясындагы операция: 1044 баңгизат сатуучу кармалды

Түркиянын 71 провинциясындагы операция: 1044 баңгизат сатуучу кармалды

05.04.2025

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.