Eurasiatoday
Шейшемби, 24-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

АКШда кыргыз жаранын өлтүрүп, автоунаасын уурдап кетишкен

  • Коом
  • 08.01.2025 11:43

Loading

7-январга караган түнү АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын жараны киши колдуу болуп каза болгондугу кабарланды.

Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ырастап, аталган кылмыш иши боюнча АКШнын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар 32 жаштагы Жаныбек Кадаевди өлтүрүп, автоунаасын уурдап кетишкен. Ал Чикагого бир жыл мурун барып, иштеп жүргөн. Маркумдун артында үч баласы калды.
Анын бир тууган эжесинин берген маалыматы боюнча, маркум курьер болуп иштеп жүргөн. Үй-бүлөсү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашайт.

Тема боюнча

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026

Ал эми кылмыш болгон күнү 5,6 кара терилүү адамдар келип, маркумду машинесинен сүйрөп чыгып, атып өлтүргөндүгү камерега түшүп калган. Бул боюнча материал полициянын колунда бар.

Учурда бул окуя Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Маалыматтарга караганда,  АКШдагы кыргыздардын саны 70-80 миңге жетет. Ал эми Чикагодо эле 5 миңге чукул кыргыздар бар. Нью Йоркто 15-20 миңге жакын, калгандары ар кайсы штаттарда эмгектенип жүрүшөт.

“Сөөктү Кыргызстанга узатууда элчилик, диаспоралар, мигранттар биргеликте иш алып барат”

Нью-Йорк штатындагы “Union KG-NY’’ Кыргыз диаспорасынын координатору Рыскулбек Султанов менен байланышып, окуя боюнча бир катар суроолор менен кайрылдык.

– Саламатсызбы Рыскулбек мырза, Чикагодо 32 жаштагы кыргыз жараны киши колдуу  өлтүрүлүшүнүн дагы башка себептери болушу мүмкүнбү?

-Жамандык менен жакшылык аралаш жүрөт экен. Тилекке каршы, биз дагы кечээ эртең менен бул суук кабарды уктук. Бизге жеткен маалымат боюнча, кыргыз жигит түнкү саат 3тө белгисиз адамдар тарабынан атылып, кол салуудан кайтыш болуптур. Кол салгандар анын машинасын алып кетишиптир.

Чикагодо негизинен криминалдашкан райондор бар. Ошол жакта болсо керек деп божомолдоп жатам. Так маалымат азырынча белгисиз.

-АКШ тарап кыргызстандык жарандын өлүмүнө байланыштуу компенсация төлөп бериши мүмкүнбү?

– Улутуна карабай Американын жараны болсо кандайдыр бир жардамдарды, жеңилдиктерди алса болот.
Эгер грин карта менен жүргөн биздин жарандар болсо, аларга Америка тараптан эч кандай компенсация же кандайдыр бир жардам көрсөтүлбөйт.

Бирок элчиликте айтылып жүргөндөй, биздин өлкөгө маркумдун сөөгүн жеткирүү үчүн 8000 доллар төлөп берет. Бирок бул каражат маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткен учурда гана төлөнөт. Ошондо да Америкада өлгөндүгү тууралуу сертификат, справкаларын жана башка кагаздарын алып барыш керек. Ошону менен катар жол киресине кеткен чыгымдардын справкалары да керектелет. Ал эми биздин өкмөттөн да тийиштүү кагаздарын көрсөткөндөн кийин гана ала алат.

– Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү иштери кандайча ишке ашып жатат?

– Жакында Америкадагы мигранттардын атынан Бишкекте өткөн III Элдик курултайга бизден эки өкүл барып катышып келди. Алар Курултайда төмөндөгү үч маселелерди көтөрүшкөн:

1. Кыргызстан менен Американын ортосундагы мамлекеттер аралык келишимин ордуна келтирүү;

2. Нью-Йоркко консулдук ачуу;

Анткени акыркы 2, 3 жыл аралыгында Нью-Йоркко келип иштеген мигранттардын саны көбөйдү.

3. Мекенден алыс жүргөн биздин мекендештер кайтыш болгон учурда Кыргызстандан бериле турган акча каражатын Американын өзүнөн берүү;

Себеби бул жактан төлөмдөрдү төлөп, кетирген чыгымдарды биз бул жактагы жарандардын күчү менен жөнөтөбүз.

Адам каза болгон учур катталганда биз Америкада эмгектенип жаткан мекендештерибизге атайын кайрылып, 10 доллардан баштап, көңүлдөн чыккан сумманы чогултабыз. Бул диаспоралар менен мигранттардын тыгыз иштешкендигинин негизинде акча топтоо жолу менен ишке ашат. Документ жагын Кыргызстандын Америкадагы элчилиги даярдап берет. Финансы маселесин диаспора өкүлдөрү элге кайрылуу менен чечет. Бир сөз менен айтканда, сөөктү Кыргызстанга узатууда элчилик, диаспоралар, мигранттар баары биргеликте иш алып барышат.

Ошондуктан адам каза болгон учурдагы өкмөттөн берилүүчү жардам элчиликтенби же Американын тиешелүү кызматтары тарабынан берилсе, бул бир кыйла бизге ыңгайлуу болмок деп кайрылуу жолдодук кыргыз бийлигине. Бир сөз менен айтканда, кайтыш болгон жарандын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси жеңилдемек. Себеби сөөктү жеткирүүдө көбүрөөк каражат, эмгек, убакыт талап кылынат.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, маркумду Кыргызстанга узатуу Американын ар кайсы штаттарынан ар кандай суммага чыгып калат. Кээде сөөктү узатуудагы каражат 8 миңден баштап, 12 миң долларга чейинки каражат талап кылынат. Анкени бул жакта сөөктү кармаган атайын үйлөр бар, алар маркумду канча күнгө кармап турса, ошого жараша акысын алат. Чыгашалары ар кандай болушу мүмкүн.

Ал эми “похоронный дом” деп коет мусулмандарда өзүнчө бар. Бирок кыргыздарда мындай кызмат жок болгон үчүн биз түрк, пакистан боордоштордун мечиттерине барып, маркумду жуудуруп, жаназасын окутуп, кепиндетебиз. Мунун баары акча. Жогоруда айтылгандай сөөктү кармоочу муздаткычка канча күн кармалса ага, учакка төлөнүүчү жол киреге, айтор чыгаша көп эле негизинен. Элчилик 8 миң доллар төлөнөт деп айтат, бирок ал сөөк баргандан кийин берилгендиктен бул жактагы мекендештер акча жыйнап жөнөтүп жүрөбүз. Кыргыз бийлигине кайрылып, жогорудагы сунуштарды бергенибиздин себеби да ушул жагдайларга байланыштуу.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШАКШдагы кыргыз мигранттарКоом
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

24.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026
АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

АКШнын санариптик инфраструктурасында  жаңы мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн 

23.11.2026
Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

Эмне үчүн израилдик режим мындан ары Американын  союздашы болбой калды?

23.11.2026
АКШда 5,5 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган

АКШда 5,5 миңден ашык авиакаттам кармалып же токтотулган

23.11.2026
Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

Тактикалык тыныгуу: АТЭС саммитинен кийин АКШ, Кытай жана Россиянын жакындашуусун күтүүгө болобу?

21.11.2026
Ирандын күчтөрү АКШнын MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдиришти

Ирандын күчтөрү АКШнын MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдиришти

21.11.2026
АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

АКШнын Калифорния штатында күчү 5,0 баллга жеткен жер титирөө болду

20.11.2026
Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

Пентагон: Иранга каршы согуш АКШга 48 миллиард доллардан ашык чыгым алып келди

20.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.