Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Тибеттеги ондогон адамдардын өмүрүн алган катуу жер титирөөгө байланыштуу Кытай элине көңүл айтты.
Бул тууралуу «Eurasia Today» агенттиги кабарлайт.
“Кытай Эл Республикасынын Тибет автоном районунда болгон жер титирөөгө байланыштуу каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, кытай өкмөтүнө жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат көңүл айтуу билдирүүсүндө.
Тибеттеги күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө 7-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:05терде Шигадзе шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Динри уездинин жанында катталган.
Учурда 126 адам каза болуп, 188 адам жаракат алганы белгилүү, деп билдирет Кытай бийлиги.
Жер титирөөнүн очогунан 20 чакырымдай жерде 27 калктуу конуш жайгашкан. Ал жакта 6900дөй киши жашайт.
Зилзаланын кесепеттерин жоюуга 3400дөн ашык куткаруучу жана 340 дарыгер жөнөтүлгөн.
Ошондой эле Борбордук бийликтер жер титирөөдөн жапа чеккен аймакка 22 миңге жакын зарыл буюмдарды, анын ичинде чатырлар, кийим-кече, жууркан-төшөк камтылган жүктөрдү жөнөттү. Окуя болгон жерге 1500дөн ашык жергиликтүү өрт жана куткаруу кызматынын кызматкерлери да тартылган.
















