Мексиканын Канкун шаарынан Кыргызстанга учууну пландап жаткан 36 жаштагы кыргызстандык жаран 30-декабрдан бери дайынсыз болуп, издөө иштери уланууда.
Бул тууралуу теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилүү болгондой, изделип жаткан Жаныбек Жакыпов акыркы 12 жылдан бери АКШда жашайт. Ал 29-декабрда АКШдан Канкунга эс алууга учуп чыгып, 30-декабрда Кыргызстанда жашаган апасынын абалы оор экени тууралуу кайгылуу кабар алгандан кийин Бишкекке учууга билет сатып алып, 31-декабрда учуп чыгарын айтып, дайынсыз болуп кеткен.
Молдокматова билдиргендей, Жаныбектин документтери баары жайында, 180 күндүк визасы бар.
Анын айтымында, ооруканалар, полиция бөлүмдөрү жана өлүкканалар каралды. Жеринде издөө иштерин активист да жүргүзүүдө.
Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратты.
Министрлик билдиргендей, чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, АКШдагы Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери Мексиканын АКШдагы элчилигинин, Орусиянын жана Казакстандын Мексикадагы элчилигинин көмөгү менен Кыргыз жаранын издөө боюнча зарыл ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына Кыргыз жаранын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлдү.



















