2024-жылы дүйнө жүзү боюнча өмүргө коркунуч туудурган ысык толкундардын узактыгы жалпысынан 41 күнгө көп болду.
Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги World Weather Attribution жана Climate Central биргелешкен баяндамасына таянуу менен билдирди.
Отчеттун жыйынтыгы климаттын өзгөрүшүн эске албаган санариптик моделдин маалыматтары менен планетанын ар кайсы аймактарындагы учурдагы күндүзгү температураны салыштырган эл аралык окумуштуулар тобунун анализине негизделген.
Изилдөөгө ылайык, айрым аймактарда өткөн жылы өтө ысык аба ырайы 150 күнгө жана андан да көпкө созулган.
Эксперттер ошондой эле быйыл кеминде 3,700 адамдын өмүрүн алып кеткен жана миллиондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон 29 экстремалдык аба ырайын иликтешкен.
Окумуштуулардын айтымында, бул кырсыктардын кээ бирлери Тынч океандын жылышына себеп болгон Эль-Ниньо табигый кубулушуна байланыштуу. Бирок табигый кырсыктардын көбү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу болуп чыкты.
Изилдөөчүлөр белгилегендей, азыркы климаттык тенденциялар улана берсе, экстремалдык аба ырайы окуялары тез-тезден кайталанып, күчтүү жана кыйратуучу болуп калат.
















