ИИР президенти Иран Ислам Республикасынын көз карашын жана практикалык мамилесин аймактагы жана бардык ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкты, коопсуздукту кеңейтүү деп сыпаттады жана Иран менен Оманды бул багытта дагы олуттуу кызматташууга чакырды.
Масуд Пезешкиан шейшембиде Омандын тышкы иштер министри Сейид бин Хамд бин Хамуд аль-Бусаиди менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү тармактарда жана көп багытта кеңейип келе жаткан көп жылдык, достук жана жылуу мамилелерди атады. «Бул конструктивдүү мамилелерди улантуу жана андан ары кеңейтүү Иран Ислам Республикасы үчүн чоң мааниге ээ»,- деди.
Ал эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүү келишимине токтолуп, мындай деп кошумчалады: «Мурунку макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү жана жаңы жетишкендиктерге жетишүү үчүн шарттарды даярдоо боюнча жакшы аракеттер жана иштер жүрүп жатат».
Пезешкиан Иран Ислам Республикасынын көз карашы менен практикалык мамилесин аймактагы жана бардык ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкты, коопсуздукту кеңейтүү катары мүнөздөп, Иран менен Омандын бул багытта дагы олуттуу өз ара аракеттенүүсүн талап кылды.
Ошондой эле бул жолугушууда Омандын тышкы иштер министри өз өлкөсүнүн султанынын Ирандын Ислам революциясынын жогорку лидери, президенти жана Иран элине ысык саламын жеткирип, эки өлкөнүн ортосунда ишенимдин жана ак ниеттуулуктун негизинде иштелип чыккан терең жана тарыхый мамилелер түзүлүп калганын айтты. Оман султаны бул карым-катнаштарды кеңейтүүгө зор ыкыласын керсөттү.

















