Ооганстандын жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада өзүнүн жарлыгы менен үйлөрдүн терезелерин жана анын ачылма көздөрүн алардан аялдар турганда да, отурганда да көрүнбөй тургандай кылып долбоорлоону жана курууну буйруду.
Бул тууралуу Tolo news порталы өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Жарлыкка ылайык, эми үйлөрдүн терезелерт кошуна үйлөрдөн аялдар тамак жасап жатканда же эс алып отурганда көрүнбөй тургандай кылып салынышы керек.
Документ беш пункттан турат. Эгер кимдир бирөө экинчи имаратка жанаша үй курууну кааласа, анда кошунасынын ашканасына, анын кудугуна же көбүнчө аялдар отурган жерлерге терезе коё албайт.
Эгерде бул шарт аткарылбаса, анда мындай терезенин алдына адамдын бою менен тең бийиктиктеги дубал орнотуусу керек.
Ооган өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид жарлыктын текстин жекшемби күнү X социалдык тармагында жарыялады.
Декабрдын башында Ооганстандын жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада кыздардын жогорку жана орто медициналык окуу жайларга баруусуна тыюу салганын жергиликтүү маалымат порталы билдирген. Ага чейин жогорку окуу жайлары жана кыздар үчүн мектептер жабылганына карабастан, алар бир катар медициналык мекемелерде окуусун улантып, акушер, фармацевт, лаборант, физиотерапевт, дерматолог, ошондой эле медайымдык жана тиш протездөөчү кесиптерин үйрөнүп келишкен.
Эске салсак, 2021-жылы Талибан Ооганстанда көзөмөл орноткондон кийин, аялдардын коомдук жайларда паранжасыз жүрүүсүнө тыюу салган.



















