Орусияда радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысы генерал-лейтенант Игорь Кирилловдун өлүмү боюнча Өзбекстандын жараны кармалганын РФнын Тергөө комитети билдирди.
Теракт жасаганы үчүн ага 100 миң доллар жана Европа өлкөлөрүнүн бирине барып жашоосуна шарт түзүү убадаланган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам Украинанын атайын кызматына тартылган. Ал Москвага келип, колго жасалган жардыргыч затты алып, Кириллов жашаган турак-жайдын кире беришине электр самокатына койгон.
Аскер кызматчысынын жашаган жерине байкоо жүргүзүү үчүн кармалган жаран унааны ижарага алып, ага видеокөзөмөл камерасын орноткон. Кадрлар онлайн режиминде Днепр шаарындагы теракттын уюштуруучуларына берилген. Аскер кызматчыларынын подъездден чыгып жаткандыгы тууралуу видеосигнал алынгандан кийин жардыруучу зат алыстан жардырылган.
Тергөө иштери уланууда, чоо-жайы кийинчерээк белгилүү болот.
Эске сала кетсек, Кирилловдун өмүрүнө кол салуу ушул жылдын 17-декабрында болгон.
Игорь Кириллов ТОС-2 «Тосочка» оор от чыгаруучу системасын түзүүгө жана кабыл алууга катышкан. Анын жетекчилиги астында Орусиянын Коргоо министрлигинин адистери НПО «Синтол» менен биргеликте 2020-жылдын февраль айында реалдуу убакыт режиминде ПЦРдин жардамы менен 2019-nCoV коронавирусунун реалдуу убактысын аныктоо үчүн реагенттердин комплексин иштеп чыгышкан.

















