Исламабадда мечиттеги жардыруудан 12 киши каза болуп, 20дан ашууну жааркат алды. Бул тууралуу Mehr News агенттиги Пакистан полициясындагы булакка шилтеме берип кабарлады.
Маалыматка караганда, жардыруу Тарлай районундагы Хадижа тул-Кубра мечитинде жума намазы учурунда болгон.
Окуя болгон жерге полиция жана куткаруу күчтөрү жөнөтүлүп, аймак боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Айрым булактар жарылуу жанкечтинин террордук чабуулу болгонун айтышууда, бирок бул расмий түрдө жарыялана элек же тастыктала элек.
Исламабаддын борбордук аймагынын полициясынын өкүлү Таки Жавад жарылуунун мүнөзүн аныктоо али эрте экенин айтты. Бирок, ал бардык белгилер анын жанкечтилик жардыруу экенин көрсөтүп тураарын белгиледи.




















