Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жылдын мыкты оюнчусун атады. Бул тууралуу Lenta.ru маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.
ФИФАнын версиясы боюнча испаниялык “Реал Мадриддин” чабуулчусу бразилиялык Винисиус Жуниор мыкты деп табылды. 2024-жылы 24 жаштагы футболчу клуб менен биргеликте Испаниянын чемпиону, Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү жана өлкөнүн Суперкубогунун жана УЕФАнын Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон.
Шейшемби күнү Дохада (Катар) ФИФАнын мыкты футбол сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Тандоодо оюнчулардын 2023-жылдын 21-августунан 2024-жылдын 10-августуна чейинки көрсөткүчтөрү эске алынган.
Жылдын мыкты машыктыруучусу болуп “Реалдын” жетекчиси Карло Анчелотти табылды. Жылдын мыкты футболчусу деп “Барселонанын” оюнчусу Айтана Бонмати таанылды.

















