2025-2026- жылдар аралыгында коррупцияга байланышкан мыйзамдар катаалдашып, Кыргызстанда коррупция болуп көрбөгөндөй минималдашаарын буга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин сессиясында билдирген.
Ал өз сөзүндө “Эгер коррупцияга кимдер аралашкан болсо, анын кызматтык чинине, статусуна жана ээлеген кызматына карабай жазалайбыз. Ал мыйзамдан коркуш керек. Биз кылмыштуу топ менен күрөшөбүз дедик беле? Күрөштүк, аларды жок кылдык”, – деген.
Анын сөзүнө караганда, коррупцияны ооздуктоого негизделип иштелип чыккан мыйзам долбоору 2025-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Султанбай Айжигитов, Жогорку Кеңештин депутаты:
“Коррупциянын булагы шайлоо системасында жатат”
-Коррупцияга каршы мыйзамды колдойм. Бул мыйзам отуз жыл илгери кириш керек эле. Тилекке каршы ошол отуз жыл аралыгынан бери бул мыйзам боюнча сөз болуп жүргөн менен ишке ашпай келди. Анткени бул мыйзамды киргизип өткөргөнгө эч кимдин эрки жеткен эмес. Ошондуктан бул мыйзамды киргизип жаткандыгы үчүн Камчыбек Ташиевдин эрдиги катары бааладым.
Бирок эскерте кетүүчү нерсе, азыркы ушул мыйзам менен киргизилип жаткан чаралар негизинен коррупциянын жыйынтыгы менен күрөшүү болуп, негизги булагы четте калып калып жатат.
Айтайын дегеним, коррупциянын булагы шайлоо системасында жатат. Баары шайлоодон башталат. Мунун негизги кемчилиги жеке менчик акча менен каржыланат. Шайлоону ким каржыласа, ошол киши бийликке буйрутма берет. Андан кийин ошол каржылаган адамдын эркине жараша аткарылат.
Ошондуктан күнү бүгүнгө чейин шайлоо системабыз жеке менчик акча менен каржыланып келе жаткандыктан кала берсе президенттер миң таза болгон учурда да каржылаган тараптан көз каранды болуп калууда.
Бул системдүү чоң тема. Эгер биз каржылоо системасын өзгөртө турган болсок биздин шайлоо системабыз да түп тамыры менен өзгөрөт. Мына ушундай жол менен гана шайлоо системасын таза өткөрүп, аныгы элге кызмат кылган көп нерсеге аралашпаган адамдар келет деп айтсак болот.
Али Токтакунов, журналист:
“Коррупционерди анык кан кустура турган мыйзам долбоору”
-Кеп мыйзамдын өзөгүндө. Бул мыйзамды эл күткөн. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, канча коррупционерлер кармалып жаткандыгына карабастан иши сотко өтүп күнөөсүн мойнуна алат. Андан кийин эле биртке акчалай айып менен сот жообунан кутулуп, залдан бошоп кетип жатышат.
Азыркы коррупцияга каршы иштелип чыккан мыйзамдын негизи менен шектүү коррупционер айыбын мойнуна алса да, сот залынан бошоп эрккиндикке чыга албайт. Мындан тышкары өзү гана эмес, тууган-уругу да мамлекеттик кызматка бара албагандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатат.
Бул мыйзам керек жана өлкө үчүн өтө пайдалуу мыйзам.
Мыйзамды президент кол койсо 1-январдан тартып күчүнө кирет деп Камчыбек Ташиев болжолдуу түрдө айтып жатат. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, албетте артка иштебейт. 1-январдан кийин шектелип кармалгандар мыйзамга ылайык жазасын алыш керек.
Мындай күчтүү мыйзам жок болгон үчүн, коррупция менен кармалгандар сотко келгенде акчалай төлөм менен айып пул салынып чыгып кетип жатышкан. Айтор, баары сотко барганда эле суудан кургак чыгып кетишчү. Эми андай болбойт. Бул мыйзам ага жол бербейт. Бул ошонусу менен мыкты, күчтүү мыйзам болуп кала берет . Коррупционерди анык кан кустура турган мыйзам долбоору. Бул өтөт, албетте.
К.Ташиевдин билдиргенине караганда, мурда кармалгандардын 80 пайызы айып пул менен бошоп кетип жаткан. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе.
Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, буга жалгыз эле мамлекеттик органдардын алы жетпейт. Же үстөлдү бир муштап, каарын төккөн менен Ташиевдин дагы алы жетпейт. Буга баарыбыз жапа тырмак кол кабыш кылышыбыз керек. Анткени коррупция бир эле адам тарабынан ишке ашпайт. Коррупцияны бир адам, анын жакындары, үй-бүлөсү, табакташтары жана башкалар кошо жасайт.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















