Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл ушул жылдын 3-декабрында аскердик абалды киргизгени үчүн элинен кечирим сурады. Муну өлкө башчысы 7-декабрдагы телекайрылуусунда жасады.
«Катуу шок болгон жарандардан чын дилимден кечирим сурайм. Мен биздин партияга саясий кырдаалды турукташтырууга мүмкүнчүлүк берем, анын ичинде менин кызматта болуу маселеси да бар», – деди Юн.
Юндун билдирүүсүнөн кийин башкаруучу Демократиялык партиянын башчысы Хан Дон Хун президенттин отставкасын талап кылуудан баш тартпай тургандыгын билдирди.
Эске салсак, Түштүк Кореяда аскердик абал «Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү жок кылуу жана эркин конституциялык түзүлүштү коргоо» максатында киргизилген.
Буга чейин 4-декабрда ал жокко чыгарылган. Парламенттин 300 депутатынын 190у аскердик абалды токтотуу үчүн добуш бергенин Рейтер агенттиги билдирди.
Кийинчерээк өлкөнүн коргоо министри Ким Ён Хён да жарандардан кечирим сурап, кызматтан кеткен.


















