2019-жылдагы дүйнө жүзү боюнча жайылган коронавирустун Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыкканын АКШнын конгрессмендери эки жылдык иликтөөсүнүн негизинде далилденгенин билдирди.
Бул боюнча Риа Новости жазды.
“COVID-19 вирусу Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыккан деп айтууга негиздер жетиштүү”, — деп жазылган документте. Конгрессмендер вирус табиятта кездешпеген биологиялык өзгөчөлүктөргө ээ экенин белгилешкен.
Мындан тышкары, иликтөөнүн жүрүшүндө ачыкталган АКШдагы коронавирустук пандемия учурунда мамлекеттик жардамды төлөө боюнча алдамчылык схемалардын натыйжасында төрттөн бир триллион доллар уурдалгандыгын кошумчалаган.
“Алдамчылар федеральдык жумушсуздуктан камсыздандыруу тутумун пайдалануу жана адамдардын жеке маалыматтарын пайдалануу менен америкалык салык төлөөчүлөргө 191 миллиард доллордан ашык чыгым келтиришти”,- деп айтылат палатанын көзөмөл комитетинин коронавирус боюнча берген отчетунда. Анткени мамлекеттин бюджетинен 64 миллиард доллар шылуудар тарабынан уурдалган.
2019-жылы 31-декабрда Кытай бийлиги ДСУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусунун жайылышы тууралуу маалымат берген.
Ал эми 2020-жылы ДСУунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус коронавирустун жайылышын пандемия деп атаган.
Буга чейин америкалык жана европалык окумуштуулар коронавирус Кытайдын Ухань шаарындагы жапайы жаныбарлардын этин саткан базардан тараганын далилдешкен. Бул тууралуу Cell илимий журналы да жазып чыккан.
Эскерте кетсек, COVID-19 пандемиясы SARS-CoV-2 коронавирусунун жайылышынан улам болгон пандемия Вирустун чыгышы биринчи жолу Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылы декабрда катталган.
2020-жылдын 30-январында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемияны эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялап, 11-мартта пандемия деп атаган.
COVID-19дан каза болгондордун дүйнөлүк саны расмий көрсөткүчү 2020-жылдын январь-декабрына чейин болжол менен 1,8 миллион адамды түзгөн. Бирок ДСУнун маалыматы боюнча, өлгөндөрдүн чыныгы саны үч миллиондон ашкан.



















