Грузиядагы окуялар 2014-жылдагы Украинанын Майданына окшош жана кызгылт сары ыңкылапка болгон аракетти билдирет.
Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
“Албетте, кырдаалды солкулдатуу аракети бар”, – деди Кремлдин өкүлү Грузияда болуп жаткан окуялар тууралуу журналисттер менен болгон маегинде.
«Биз бир катар өлкөлөрдө ушундай окуяларга күбө болдук. Эң түз параллел катары Украинадагы Майдан окуялары саналат», – деп белгиледи ал. Песковдун айтымында, Грузиядагы окуяларда «саргылтым ыңкылапты ишке ашыруу аракетинин бардык белгилери бар».



















