Абхазиянын президенти Аслан Бжания отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
«Өкмөт имаратынын ичине жана имараттын алдына чогулган жарандар 2024-жылдын 19-ноябрында тарап кетишет. Ушул пунктту аткарбаган учурда Абхазия Республикасынын Президенти Бжания А.Г. отставкага кетүү боюнча арызын чакыртып алат», – деп айтылат билдирүүдө.
Президенттин милдетин аткаруучу болуп Абхазиянын вице-президенти Бадра Гунба дайындалды. Берилген арызга ылайык, ал өкмөт башчысы Александр Анквабды кызматтан алып, ага экс-премьер-министр Валерий Бганбаны дайындады.
Эскерте кетсек, Сухумиде 15-ноябрда парламент имаратынын жанына жүздөгөн демонстранттар чогулуп, депутаттар Орусия менен инвестициялык келишимди ишке ашырууну талкуулоону пландаган.
Оппозиция Орусия менен ушул жылдын октябрь айында кол коюлган келишимди Абхазиянын эгемендигине жана экономикасына коркунуч деп эсептейт.
Анын ырасташынча, орусиялык инвесторлор негизсиз жеңилдиктерге ээ болуп, бул жердин сатылышына, мүлктүн баасынын өсүшүнө жана чет элдик жарандардын агымына алып келет. Абхазиянын инфраструктурасы масштабдуу өнүгүүгө туруштук бере албайт деген кооптонуулар да айтылууда.
Буга чейин ММКлар Тбилисиде жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен нааразылык акциялары өтүп жатканын жазган.


















