АКШнын тарыхында экинчи жолу президент болуп шайланган Дональд Трампты кайтарууга жан сакчыларынан тышкары Boston Dynamics компаниясы чыгарган робот-иттер биринчи жолу кошулду. Робот иттин аты – Spot.
Маалыматка ылайык, робот “иттердин” бири Флоридадагы Палм-бич шаарчасында жаңы шайланган президент Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясынын аймагын күзөтүп жүргөн маалында байкалган.
Spot резиденциянын айланасын күзөтүп жүргөнү тартылган видео TikTok тармагында желдей тарап, анын жонунан “сылаганга болбойт” деп жазылган эскертүү бар экендигин көргөн америкалыктар ар кандай реакцияда болушкан. Алардын арасында техникалык санариптик дүйнөнүн болуп көрбөгөндөй тез өнүгүп бараткандыгына таң калгандар да жок эмес.
Элдин пикирине кайдыгер карабаган АКШнын коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Энтони Гульельм “Биздин эң негизги приоритет шайланган президенттин коопсуздугун камсыздоо”,- деген. Ал кишилерге караганда көп аймакты кайтара алышарын да кошумчалаган.
Spot роботунун баасы канча?
Boston Dynamics расмий сайтында айтылгандай, итке окшош төрт буттуу Spot роботунун баасы сатып алуучуга 74,5 миң доллар деп бааланууда.
Spot – 2016-жылы биринчи жолу киргизилген. Роботтун ылдамдыгы 1,6 м/сек чейин жете алат. Робот стерео камералардын жардамы менен жерди изилдеп, жалпы көрүү бурчун 360° түзөт. Салмагы 25 килограмм.
Иттин келбетинде робот жасап чыккан Boston Dynamics робототехникага адистешкен инженердик компания.
Ал DARPA тарабынан аскердик максатта жасалган төрт буттуу BigDog роботун иштеп чыгуусу менен белгилүү болуп, буга чейин NAWCTSD менен келишимдин негизинде машыгуу видеолорун интерактивдүү компьютердик симуляторго алмаштыруу үчүн иштеген.
Компаниянын президенти Марк Райберт, аны 1992-жылы Массачусетс технологиялык институтунун инженерлер тобунун негизинде түзгөн.
Boston Dynamics чыгарган механикалык иттерди бүт дүйнөдө аскерий тармакта жана укук коргоо органдарында кеңири колдонушат.
Компаниянын жарнамалык материалдарында көрсөтүлгөндөй, жазында Spot иттеринин бирин Пенсильваниядагы сапер кызматы алып, күмөндүү баштыктарды текшерип, аларда жарылуучу заттардын бар-жогун аныктоого пайдаланган.
Ал өзүнүн шамдагайлыгы жана ээн-эркин бурула алгандыгы менен белгилүү. Робот ит тепкичтерден чыгып-түшүп, абдан кууш жерлерге батат жана жада калса бекилбеген эшиктерден бери ачууга жөндөмдүү.
Бирок кымбаттыгына карабай олуттуу коркунучтарды алдын ала аныктай алгандыгы менен атайын кызматтарды кызыктыргандыктан Дональд Трамптын жан сакчыларынын катарына кошулса керек. Анткени, жаңы шайланган Доналд Трамка буга чейин эки жолу ачык кол салуу болгон.
Роботтор кантип өнүккөн?
Маалыматтарга караганда, 1921-жылы чех жазуучусу Карел Капек өзүнүн «Россумдун универсалдуу роботтору» пьесасында «Робот» деген терминди адамга алмаштырылган машинаны белгилөө үчүн колдонгондон кийин башталган.
Робот – айлана-чөйрө менен өз аракетинде жарым-жартылай же толугу менен адам сымал (антропоморфтуу) кыймылдоочу машина.
Ал көбүнчө адам кейпинде жасалып, өнөр-жайда, илим изилдөөдө, куткаруу ишинде робот колдонулган.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева



















