Иран парламентинин китепкана, музей жана документ борборунун башкы директору Масуд Мойнипур менен Россия мамлекеттик китепканасынын башкы директору Вадим Дуда жолугушуп, кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун башында Иран Ислам Республикасынын Орусиядагы маданият боюнча кеңешчиси Масуд Ахмадванд Иран менен Орусиянын китепканалары менен документ борборлорунун ортосундагы кызматташтык маселелери боюнча түшүндүрмө берди. Ахмадванд биргелешкен жолугушууларды уюштурууда жана кол жазмалар тууралуу маалымат алмашууда кызматташуу үчүн Россиянын мамлекеттик китепканасына ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда Масуд Мойнипур Иран парламентинин китепкана жана документтер борборунда сакталган кол жазмалар тууралуу маалымат берди. Бир тараптан Вадим Дуда Иран парламентинин китепканасында жайгашкан материалдардын маанисин жана баалуулугун баамдап, эки китепкананын биргелешкен кызматташтыгын өнүктүрүүгө үмүттөнөрүн билдирди.
Тараптар макулдашкан сунуштардын арасында иран таануу, чыгыш таануу жана ислам таануу боюнча биргелешкен жыйындарды уюштуруу болду.
Жыйынтыгында тараптар Иран Ислам Республикасынын Парламентинин китепканасы менен Россия мамлекеттик китепканасынын ортосунда илимий-изилдөө, биргелешкен жолугушууларды уюштуруу, квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, реставрациялоо, кодикология жана кол жазмаларды коррекциялоо жаатында меморандумга кол коюу боюнча диалогду улантууну макулдашышты.


















