Американын азыркы президенти Жо Байден мурдагы жана шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трампты 13-ноябрда Ак үйгө чакырып, жолугушуу өткөрдү. Бул алардын жайдагы дебаттан жана акыркы шайлоодон кийинки биринчи жолугушуусу болду.
Алар от жагылган очоктун алдында отурушуп, бири-бирине жылуу мамиле көрсөтпөсө да, чектен ашып кетишкен жок.
“Шайланган президент жана мурдагы президент, Дональд, куттуктайм”,-деди Байден.
“Рахмат, чоң рахмат”,-деп жооп берди Трамп.
Жолугушууда Байден бийликти кийинки президентке тынчтык жолу менен өткөрүү ниетин билдирди.
“Мен жогоруда айткандай, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү чыдамсыздык менен күтөм. Сизге керектүү нерселердин бардыгын камсыз кылуу үчүн биз колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Ал эми бүгүн биз бул тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алдык”,-деди Байден.
Өз кезегинде Трамп бийликти өткөрүп алуу жараяны салтка ылайык болорун белгиледи.
“Саясат – ырайымсыз жана көп учурда анча жагымдуу эмес, бирок бүгүн бул укмуштуу дүйнө болуп турат. Мен муну абдан баалайм, рахмат”,-деди Трамп.
Трамп өзү 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Байденге утулуп калганда аны менен жолугуп, бийликти расмий өткөрүп берген эмес. Анын ордуна тарапташтары Ак үйгө чабуул жасап, баш аламандык уюштурушкан.
Шайлоо кампаниясынын маалында Байден Трампты “демократияга коркунуч” катары мүнөздөсө, Трамп Байденди “компетентсиз” деп атаган.
Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен көп добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи утту. Демократтардын атынан алгач Жо Байден шайлоого аттанган болчу. Бирок Трамп менен алгачкы дебатындагы начар көрсөткүчүнөн кийин анын ордуна Харрис чыккан.
Эми Трамптын инаугурациясы 20-январда өтөт.


















