Орусия Федерациясы Дональд Трамп президент болуп турганда Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууга даяр.
Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
«[Орусиянын президенти Владимир] Путин «Валдай» эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында ар дайым баарлашууга даяр экенин айтты. Биз анын сөзүн бөлгөн жокпуз – топ башка тарапта», – деди Лавров тиешелүү суроого жооп берип жатып.
Ошол эле учурда ал Орусия АКШнын жаңы администрациясынан эч кандай жаңылык күтпөй турганын, анын иштиктүү кадамдарына баа берерин баса белгиледи.
«Эч кандай күтүү же божомол болбойт. Биз конкреттүү иштер боюнча баа беребиз”,-деди министр.



















