Түркия БУУга 50дөн ашуун мамлекеттин Израилге каршы курал эмбаргосун киргизүү чакырыгын камтыган кат тапшырды.
Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин башчысы Хакан Фидан Жибутиде эки күндүк «Түркия менен Африканын ортосундагы өнөктөштүк» конференциясынын жыйынтыгында билдирди. Көрүүнү TRT Haber телеканалы көсөттү.
“Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү глобалдык коркунучтун булагына айланды. Биз Израилге курал сатуу анын геноцидине шериктеш болуу дегенди билдирет деп ар бир мүмкүнчүлүктө кайталашыбыз керек. Ушул түшүнүк менен биз 1-ноябрда 52 өлкө жана 2 эл аралык уюм кол койгон биргелешкен катты Бириккен Улуттар Уюмуна тапшырдык жана Коопсуздук Кеңешин бардык мамлекеттерге Израилге курал жана ок-дарыларды сатууну токтотууга чакырдык»,-деди Фидан.
Түрк демилгесинин астына башка өлкөлөр менен катар Сауд Аравиясы, Бразилия, Алжир, Кытай, Иран жана Орусия, ошондой эле эки уюм: Араб Лигасы жана Ислам Кызматташтык Уюму кол койгон.
18-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулда Орусия, Иран, Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен жолугушууда БУУнун Израилге каршы курал эмбаргосун киргизүү зарылдыгын билдирген. 24-октябрда Казанда “аутрич”/”БРИКС плюс” форматындагы жолугушууда түрк лидери уюмдун катышуучуларын жана өнөктөштөрүн Анкаранын бул идеясын колдоого чакырган.

















