КЭДРдин БУУдагы элчилиги Корей элдик армиясынын аскер кызматкерлерин Орусия Федерациясына согушка жиберүү тууралуу билдирүүлөрдү негизсиз деп эсептейт.
Мындай маалыматты Түштүк Кореянын Йонхап (Yonhap) агенттиги билдирди.
Бул тууралуу КЭДРдин БУУдагы миссиясынын кызматкери дүйшөмбү күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын куралсыздануу жана эл аралык коопсуздук маселелерин караган биринчи комитетинин отурумунда айтты. Ал украин делегациясынын Пхеньян Орусияга аскер кызматкерлерин жөнөтүүнү пландап жатат деген айыптоосуна жооп берди.
«Орусия менен аскердик кызматташтык деп аталган нерсеге келсек, менин делегациям КЭДРдин аброюна шек келтирүүгө жана эки эгемен мамлекеттин ортосундагы мыйзамдуу достук мамилелерге доо кетирүүгө багытталган мындай негизсиз стереотиптик ушак-айыңдарга комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт», – деди Элдик Республиканын дипломаты. Өз кезегинде Йонхап бул Түндүк Кореянын өкүлдөрүнүн мындай айыптоолорго биринчи коомдук реакциясы деп эсептейт.



















