Кыргызстан БРИКСке мүчө болом десе, эч кандай көйгөйлөргө туш болбошу керек. Бул тууралуу саясат таануучу, “Ой ордо” эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков РИА Новости агенттигине билдирди.
“Кыргызстан келечекте БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болууну кааласа, бул жагынан өзгөчө көйгөйлөр болбошу керек. Кыргызстандын президентинин чакырылганынын өзү эле потенциалдуу толук катышууга арыз болуп саналат. Кыргызстандын БРИКСке кирүүсүнө кандайдыр бир барьерлер же тоскоолдуктар бар деп ойлобойм”, – деди эксперт.
Анын айтымында, республиканын президенти Садыр Жапаровдун Казанда боло турган БРИКСтин саммитине катышуусу Кыргызстан жетишээрлик бекем жана конструктивдүү мамилелерди түзгөн башка мамлекеттердин жетекчилери менен бейформал баарлашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.
“Дагы бир маанилүү жагдай Россияны колдоо. Эки жыл бою аны болуп көрбөгөндөй санкциялар аркылуу “жалгыз ташталган” өлкөгө айландырууга аракет кылышты. Бирок Казандагы саммит бул пландардын баары ишке ашпай калганын, Россия дүйнөлүк күн тартибин калыптандырууда маанилүү ролду ойноону улантып жатканын көрсөтөт”, – деп баса белгиледи саясат таануучу.
Ошондой эле, Шестаковдун айтымында, Бишкек бирикменин башка өлкөлөрү менен, атап айтканда, Кытай жана Индия менен мамилелерди өнүктүрүүдө.
Эксперт кызматташуу, анын ичинде транспорттук-логистикалык чынжырларды өнүктүрүү Кыргызстандын экспорттук потенциалы кыйла жогорулайт.
“Эгерде БРИКСтин саясий аспектисин ала турган болсок, анда эң маанилүү деталдардын бири – бул уюм глобалдык саясий жана экономикалык күн тартибин түзүүдө бир же бир нече өлкөнүн кысымы болбошу үчүн көп уюлдуу дүйнөнү жактайт”, – деди “Ой ордонун” директору.
Жалпысынан уюмдун ишмердүүлүгүнө токтолгон саясат таануучу БРИКС конкреттүү долбоорлорду демилгелөө жана ишке ашыруу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү колдонуусу керек деген оюн билдирди. Мисалы, SWIFTке көз карандысыз төлөм системасын түзүү.
“Эгерде биз көбүнчө БРИКСке салыштырылган ошол эле ШКУну ала турган болсок, анда экономикалык өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу узакка созулат, БРИКС муну эске алышы керек жана алар тезинен сөздөн ишке өтүшү керек”, – деди Шестаков.
БРИКС – 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Орусия 2024-жылдын 1-январынан бери уюмга төрагалык кылууда. БРИКСке Орусия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкаданы тышкары 2024-жылдын башынан Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кошулган.
Орусиянын БРИКСке төрагалыгы адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүүдө. Өзүнүн төрагалыгынын алкагында Орусия 200дөн ашык саясий, экономикалык жана социалдык иш-чараларды уюштурат.
Негизги иш-чара Казанда 22-октябрдан 24-октябрга чейин өтүүчү БРИКСтин мамлекет башчыларынын саммити болмокчу.




















