Йеменге жакын акваториядагы кырдаалды реалдуу турукташтыруу бул өлкөнүн аймагына ылгабай чабуул коюп жаткан АКШ жана Улуу Британия башында турган коалициянын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү менен ишке ашат.
Бул тууралуу Орусия Федерациясынын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин Йемен боюнча жыйынында билдирди.
“Йеменге жакын акваториялардагы абалды чындап турукташтыруу үчүн бул суверендүү өлкөнүн аймагына эл аралык укукту бузуп, күн сайын жана ылгабай кол салууну улантып жаткан АКШ жана Улуу Британия башында турган коалициянын мүчөлөрүнө да кем эмес кысым көрсөтүлүшү керек. Алардын мындай диверсиялык иш-аракеттери Йеменде болгон параметрлердин чегинде чыныгы жөнгө салууга жетишүүдөн алыс болгон реалдуу мотивдерди көрсөтүп турат. Бирок биздин батыштык өнөктөштөрүбүз ушуга окшош ыкма менен региондун башка өлкөлөрүндө иштешет жана иштөөнү улантууда», – деп баса белгиледи ал.
Небензя ошондой эле Кызыл деңизде, Аден булуңунда жана башка акваторияларда эл аралык кеме сүзүүнүн коопсуздугун колдоо боюнча Орусиянын позициясынын өзгөрбөгөнүн ырастады.
Газа тилкесиндеги кагылыш күчөгөндөн бери йемендик “Ансар Аллах” (хуситтер) Израилди аткылай турганын жана Палестин анклавындагы операция токтогонго чейин ага байланышкан кемелердин Кызыл деңиз менен Баб аль-Мандеб кысыгы аркылуу өтүшүнө уруксат бербей турганын эскерткен. Өткөн жылдын ноябрь айынан бери хуситтер Кызыл деңизде жана Аден булуңунда Израилге тиешелүү ондогон кемелерге кол салышкан.
“Ансар Аллахтын” чабуулдарына жооп иретинде Америка бийликтери Кызыл деңизде кеме жүрүү эркиндигин камсыз кылуу жана кемелерди коргоо үчүн эл аралык коалиция түзүлгөнүн жана Prosperity Guardian операциясын баштаганын жарыялаган. Натыйжада АКШ менен Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү Йемендеги хуситтердин аскердик объектилерине такай сокку ура баштады.


















