Пакистан Ислам Республикасынынын Исламабад шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-жыйыны өтүп жатат.
Жыйынга Кыргызстандын, Белорусиянын, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын өкмөт башчылары жана делегация башчылары катышууда.
Жыйында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да сөз сүйлөп, ШКУ кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн берип, динамикалуу өнүгүүсүн улантып жатканын белгилегенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал белгилегендей акыркы 15 жылдын ичинде катышуучу өлкөлөр олуттуу экономикалык прогрессти көрсөтүп, 2009-жылдан бери ШКУга мүчө-мамлекеттердин жалпы ИДПсы эки эседен ашык өстү. Уюмдун дүйнөлүк экономикадагы үлүшү болжол менен 25%га жетип, ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 250%, өз ара инвестициянын көлөмү дээрлик төрт эсе өстү.
“Бул жетишкендиктер, туура стратегия менен дүйнөлүк өсүштүн драйвери боло ала турган аймактын жогорку потенциалын тастыктайт”-деген Акылбек Жапаров, андан аркы сөзүндө учурдагы татаал глобалдык геосаясий кырдаалды эске алуу менен Уюмдун потенциалын толук пайдалануу боюнча узак мөөнөттүү стратегияны кабыл алуу зарылчылыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын тез арада кабыл алынышын жактай турганын билдирди.
МинКаб башчысы Акылбек Жапаров аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле жаңы эл аралык каттамдарды түзүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгына токтолуп, деңиз кемеси менен кургактагы темир жол байланыштарынын ортосунда жүк ташуу логистикасын айкалыштыруу зарылчылыгын билдирди.
“Мындай мамиле атаандаштыктын ордуна, өзгөчө Евразия континентинин борборун кесип өткөн темир жол линиялары үчүн олуттуу жеңилдиктерди пайда кылып, бул жүк ташуу маршрутун 1000 кмге чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу жана аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртуу максатында эл аралык автомобиль ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруу маанилүү. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоор аймактын транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам болоруна ишеним билдиребиз”-деди ал.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
- ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жолугушуулар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун 2023-жылга каржылык отчету боюнча Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2025-жылга бюджети жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун Катчылыгынын штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;
- Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык таблицасы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (Премьер-министрлердин) чечими;
- Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда “Жаңы экономикалык диалогду” өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө Өкмөт башчылар Кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими;
- 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай Кызматташтык Уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.






















