НАТО Европада тактикалык өзөктүк курал боюнча “Түшкү туруктуулук” (Steadfast Noon) машыгуусун баштады. Эки жумага созулган окуу-машыгууларында чыныгы ок-дарыларды колдонушпайт. Бул тууралуу РБК сайты жазды.
14-октябрда Түндүк Атлантикалык альянс “Түшкү туруктуулук” аскердик машыгуусун баштады. Анын максаты – Европада жайгаштырылган америкалык тактикалык ядролук куралдарды жеткирүү жана колдонуу практикасын ишке ашыруу болуп саналат. Бул жолу Бельгия менен Голландия (базаларына америкалык өзөктүк куралдарды жайгаштырган беш өлкөнүн экөө) жетектеген машыгуу эки жумага созулат. Анда ядролук куралды алып жана коштоп жүрүүгө, май куюуга, чалгындоочу жана электрондук согуш учактарын алып жүрүүгө жөндөмдүү сегиз аскердик база, 2 миң аскер кызматкери, 13 өлкөнүн 60 учагы тартылат.
The Associated Pressтин маалыматына ылайык, НАТО машыгуулардын негизги бөлүгүн Орусиядан 900 км алыстыкта Түндүк деңизде болуп, авиациялык каттамдар Бельгия, Нидерландия, Улуу Британия жана Даниянын үстүнөн өтөт. Бул маневрлер боюнча Москвага маалымат берилди, деп билдирет агенттик НАТОнун расмий өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен.
“Түшкү туруктуулук” аскердик машыгуусу жыл сайын бир убакта өткөрүлөт. Бул альянстын пландалган иши жана НАТОнун өзөктүк туруктуулук чараларынын бир бөлүгү экенин белгилеген баш катчы Марк Рютте, бул машыгуулар – “коопсуздуктун негизи” деп кошумчалады.
“Түшкү туруктуулук” – альянстагы өзөктүк куралдын туруктуулугунун маанилүү сыноосу болуп саналат. Муну менен НАТО бардык союздаштарын коргой ала турганын билдирет жана бул кайсы гана душманга болбосун ачык сигнал болот”, – деди ал.
Машыгууларды жарыялоо менен альянс 2024-жылдын июль айында өткөн НАТОнун Вашингтон саммитинин декларациясын да эске салды. Анда НАТОнун ядролук потенциалынын негизги максаты – «тынчтыкты сактоо, мажбурлоого жол бербөө жана агрессияны токтотуу» болуп санала тургандыгы жана «ядролук курал жашап турганда НАТО союздаштардын ядролук уюму болуп кала берет» деп айтылат.
Nuclear Sharing (ядролук бөлүшүү же ядерный обмен) деген эмне?
“Түшкү туруктуулук” Stadfast Noon аскердик машыгуусу – НАТОнун өзөктүк куралды бөлүшүү концепциясынын өзөгүн түзөт. Ал: эгер конфликт болгон учурда, альянс күчтөрү тарабынан колдоого алынган кош максаттуу учактар өзөктүк куралды алып жүрө алат. НАТО Франциядан башка бардык альянс өлкөлөрүн камтыган Ядролук пландоо тобунун (NPG) жактыруусунан жана АКШ президенти менен Британиянын премьер-министринин уруксатынан кийин гана өзөктүк миссияны ишке ашырууга болорун белгилейт. Башкача айтканда, ядролук кагылышуу болгон учурда мындай куралды колдонуу чечими өзөктүк куралы бар өлкөлөргө жүктөлөт жана алар аны союздаштарынын катышуусу менен ишке ашыра алышат.
Өзөктүк куралды бөлүшүү механизми 1954-жылдан бери иштеп келет. Анын алкагында АКШ өзөктүк куралын Европага жайгаштырган. Кансыз согуштун аякташы менен алар арсеналын азайта баштаган. Тактап айтканда, эгерде 1971-жылы аталган аймакта өзөктүк куралдын 7 миңден ашык дүрмөттөрү болсо (бул эң көп учур), 2000-жылга карата анын саны 480ге чейин кыскартылган.
Азыркы убакта “Bulletin of the Atomic Scientists” журналынын маалыматына ылайык, Европада 100гө жакын В61 ядролук бомбалары бар. Бул АКШнын арсеналындагы стратегиялык жалгыз куралдарынын бири эмес. Алар Кошмо Штаттары менен эки тараптуу тиешелүү келишимдерди түзгөн беш өлкөнүн алты авиабазасында жайгашкан.
• Германия, Бюхель авиабазасы – 10–15 бомба, PA-200 Tornado учагы.
• Италия, Aviano аба базасы – 20-30 бомба, F-16 C/D учактары – жана Ghedi – 10-15 бомба, PA-200 Tornado учактары.
• Нидерланды, Volkel авиабазасы – 10-15 бомба, F-16MLU учактары.
• Түркия, Инжирлик авиабазасы – 20-30 бомба, аты аталбаган америкалык учак.
Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Түркия Кошмо Штаттарга тиешелүү учактарды өз аймагында туруктуу кармоого уруксат бербейт. Бул нерсе – кагылышуу болгон учурда же америкалык учактар курал алуу үчүн авиабазага учуп кетет, же андан курал жеткирүүчү унааларга өтөт дегенди билдирет.
Ошондой эле, акыркы эки жылдын ичинде Улуу Британиядагы Лейкенхит авиабазасы реконструкциядан өтүп жатат. Серепчилердин айтымдарында, ал жерде да америкалык күчтөр жайгаштырылышы мүмкүн.
Дагы алты өлкө – Венгрия, Дания, Польша, Чехия жана эки аты аталбаган – НАТОнун SNOWCAT (Кадимки аба тактикасы менен өзөктүк операцияларды колдоо) программасына катышууда. Анын максаты – өзөктүк куралы жок мамлекеттердин аскердик инфраструктурасын өзөктүк миссияларды колдоо үчүн колдонууга мүмкүндүк берет.
“Түшкү туруктуулук” аскердик машыгуусу Орусиянын президенти Владимир Путин ушул жылдын 25-сентябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында атайын билдирүү жасагандан үч жумадай кийин башталды.
Коопсуздук кеңешинин 25-сентябрдагы жыйынында ал төмөндөгүлөрдү билдирген:
• Москва өзөктүк куралды колдонуудан кармануу аракетин жүргүзө турган мамлекеттердин жана аскердик союздардын категорияларын кеңейтти;
• Ядролук куралды токтотуунун кайсы чаралары зарыл экендигин аныктаган бейтарап аскердик коркунучтардын тизмеси толукталды;
• Москва кандайдыр бир өзөктүк куралы жок мамлекет тарабынан, ядролук мамлекеттин катышуусу же колдоосу менен Орусияга жасалган агрессияны Орусия Федерациясына биргелешкен чабуулу катары карайт;
• Орусия өзөктүк куралды колдонуу вариантын “аэрокосмостук чабуул куралдарын массалык түрдө учуруу жана аларды мамлекеттик чек арадан өткөрүү жөнүндө ишенимдүү маалымат алгандан кийин” карайт. (сөз стратегиялык жана тактикалык учактар, канаттуу ракеталар, дрондор, гиперүндүү жана башка учактар жөнүндө болуп жатат);
• Москва «Союздук мамлекетинин мүчөсү катары Орусияга жана Белоруссияга агрессия болгон учурда», «анын ичинде, эгер душман кадимки куралды колдонуу менен эгемендүүлүккө олуттуу коркунуч келтирсе» – өзөктүк куралды колдонууга даяр.
Бирок Орусиянын өзөктүк доктринасынын жаңы версиясы дагы деле жарык көрө элек.

















