Як-130 учагы Волгоград облусунда машыгуу учуу учурунда кырсыкка учурады.
Бул тууралуу Gazeta.Ru билдирет.
Экипаждын мүчөлөрү бортту таштап кетүүгө үлгүрүп, азыр ооруканада экени белгиленди. Окуядан кийин кырсыктын себептерин иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Кырсыктын себеби болжолдуу түрдө учактын жабдууларынын бузулушу деп аныкталган.



















