Ирандын акыркы ракеталык чабуулдарына жооп кайтарса, Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруу мүмкүнчүлүгү өтө аз.
Бул тууралуу америкалык The New York Times (NYT) басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Израиль жооп кайтаруу соккусу болгон учурда аскерий жана чалгындоо объектилерине, ошондой эле командалык пункттарга басым жасайт деп болжолдонууда. Ошол эле учурда Тегеран Израилди дагы бир жолу аткыласа, Ирандын өзөктүк объектилери келечекте бутага айланып калышы мүмкүн.
Израилде жана АКШда учурду колдон чыгарбоо чакырыгы өсуп жаткандыгын газетанын материалдары белгилейт. Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруу өлкөнүн өзөктүк программасын олуттуу түрдө артка кайтарат деп айтылууда.
















