Грузияда бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы өлкө президенти Саломе Зурабишвилиге каршы импичмент жараянын кайрадан баштады. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Шалва Папуашвили билдирди.
«Ал конституциялык мыйзам бузуулар үчүн кайрадан кылмышкерге айланды. Биринчи мыйзам бузуу, албетте, анын чет өлкөлүк сапарлары болуп саналат. Экинчиси, ал кайрадан элчилерди дайындабай жатат», – деди Папуашвили.
Папуашвили белгилегендей, эгер импичмент процедурасы бекитилсе, ал символдук мааниге ээ болот, анткени Зурабишвилинин мөөнөтү ушул күздө аяктайт. Импичмент жарыяланган учурда анын ыйгарым укуктары эң көп дегенде бир айга кыскарат. Президентти кызматтан кетирүү боюнча добуш берүү 26-октябрдагы шайлоодон кийин жаңылана турган парламентте өтөт.
Папуашвилинин айтымында, бул процедура юридикалык жактан да, саясий жактан да маанилүү. Анын айтымында, «Саломе Зурабишвили мурдагы президент эмес, кулатылган президент болушу керек».
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өкмөттүн макулдугусуз чет өлкөгө чыгып, өлкөнүн Конституциясын бузду деп айыпталууда. Бул сапарлар премьер-министрдин макулдугун талап кылган чет элдик расмий өкүлдөр менен жолугушууларды камтыды. «Грузин кыялы» мындай аракеттер конституциялык нормаларды атайылап жана системалуу түрдө бузуу деп эсептейт.
Эске салсак, партия президентке биринчи импичмент жарыялоону 2023-жылдын сентябрында жарыялагысы келген. Бирок андан майнап чыккан жок, анткени 86 гана депутат “макул” деп добуш берген, бирок 100дөн кем эмеси добуш бериши керек болчу.



















