Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймагындагы “Хезболла” менен байланышы бар буталарга кургактан чектелген рейддерди баштаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Израилдин аскер-аба күчтөрү жана артиллериясы операция учурунда Израилдин кургактагы күчтөрүнө колдоо көрсөтүп, аскердик объекттерге сокку урууда.
“Саясий эшелондун чечимдерине ылайык, ЦАХАЛ бир нече саат мурун Ливандын түштүгүндөгү “Хезболланын” объектилерине жана инфраструктурасына так чалгындоо маалыматтарынын негизинде чектелген, локализацияланган жана максаттуу рейддерди баштады”, – деп айтылат армиянын Telegram каналында.
Ynet порталы мурда кабарлагандай, Израилдин аскердик-саясий кабинети Ливанда операциянын жаңы этабын жүргүзүүнү жактырган. Кийинчерээк Израилдин Коргоо министрлигинин башчысы америкалык кесиптеши Ллойд Остин менен Ливандагы операцияларды талкуулаган.
“Алар (министрлер – ред.) ливандык “Хезболла” Израилдин түндүк аймактарына 7-октябрдагыдай чабуулдарды жасай албашын камсыз кылуу үчүн чек арадагы чабуул инфраструктурасын демонтаждоо зарылдыгын макулдашты”, — деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө.
Остин ошондой эле чек аранын эки тарабындагы жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келишин камсыздоо үчүн дипломатиялык чечимдин зарылдыгын баса белгиледи.
Буга чейин Израилдин армиясы Ливан менен чек арадагы аймактын бир бөлүгүн жабык аскердик зона деп жарыялаган. Буга катар эле массалык маалымат каражаттары израилдик аскерлер Ливандын чек ара райондорунда массалык артиллериялык аткылоолорду жүргүзүп жатышканын, ал эми Ливандын армиясы өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече позициялардан чегингендигин кабарлаган.
Мындан тышкары, NBC News телеканалы ЦАХАЛ чалгындоо операцияларын баштаганын, анын ичинде атайын күчтөрдүн катышуусу менен кургактан чакан миссияларын, ошондой эле бешке жакын бригаданы жайгаштырганын, бирок алардын баары чек арадан өтө албастыгы күтүлүп жатканын билдирген.
Израиль менен Хезболла ортосундагы чыр-чатактын курчушу
Өткөн жылдын октябрь айында Газа тилкесинде согуштук аракеттер башталгандан бери Ливан менен Израилдин чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда. Кырдаал 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы райондорунда бир эле мезгилде байланыш аппараттары жарылгандан кийин курчуду: адегенде пейджерлер, эртеси рациялар жардырылган. Маалымат каражаттары жазгандай, аларды негизинен “Хезболланын” мүчөлөрү колдонуп келишкен. Расмий маалыматтар боюнча, 37 адам каза болуп, үч миңден ашууну жарадар болгон. Ливан бийликтери окуя үчүн Израилди айыптады. Тель-Авив бул окуяга тиешеси бар экенин ырастаган да, четке каккан да жок.
23-сентябрда эртең менен Израилдин аскер-аба күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү жана чыгышындагы калктуу конуштарга массалык чабуул жасай баштаган. Израиль армиясынын башкы штабы “Түндүктүн жебелери” операциясын жарыялаган. Чабуулга ондогон кыштактар жана бир катар калктуу пункттар дуушар болду. Байкоочулардын айтымында, мындай катуу чабуулдар 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери болгон эмес.
27-сентябрда Израилдин Бейрутка жасаган аба соккуларынан кийин “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насрулла, ошондой эле көптөгөн жогорку даражалуу командирлер өлтүрүлгөн.
“Хезболла” кыймылы өз кезегинде негизинен Израилдин түндүгүнө ракеталык чабуулдар менен жооп кайтарууда. Күн сайын Израилдин калктуу пункттарына ондогон чабуулдар жасалып, турак жайларга снаряддар да тийип жатат.


















