Евробиримдиктин өлкөлөрү Израилдин Ливандын аймагына абадан сокку уруусуна байланыштуу тышкы иштер министрлеринин шашылыш жыйынын өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Financial Times гезити булактарына таянып жазып чыкты.
Гезиттин маалыматында, Евробиримдиктин дипломаттары “Жакынкы Чыгыштагы тездик менен курчуп бараткан кырдаалга жооп берүү” үчүн онлайн жолугушууга даярдана башташты.
Евробиримдиктин айрым өкүлдөрүнүн жолугушууну 30-сентябрда өткөрүүнү талап кылганы да баса белгиленди.
Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын күчөшү Ливандагы бир катар жардыруулардан башталып, кеминде 12 киши каза болуп, 2 миңден ашууну, анын ичинде Ирандын Ливандагы элчиси жарадар болгондон башталат.
Буга чейин Израиль армиясы “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насралланын өлгөнүн жарыялаган. Белгиленгендей, ал топтун жер астындагы штаб-квартирасына Израилдин аба соккусунун натыйжасында каза болгон. Кыймыл кийинчерээк лидеринин каза болгонун тастыктаган.


















