Жаңы эл аралык коалиция Израиль-Палестина чатагын “эки мамлекет” принцибинин негизинде чечүүнүн жолун издейт.
Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Нью-Йоркто Палестина боюнча дүйнө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынында араб, ислам өлкөлөрүнүн жана европалык өнөктөштөрдүн атынан Израиль-Палестина чыр-чатагын “эки мамлекет” принцибинин негизинде чечүүнүн жолун табуу үчүн эл аралык коалиция түзүлгөнүн жарыялады.
Бул тууралуу IRNA агенттиги саудиялык WAS агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
Бин Фархан бардык өлкөлөрдү бул коалицияга кошулууга чакырып, ар тараптуу жана адилеттүү тынчтыкка жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшашарын баса белгиледи.
Ал Газадагы согуш чоң адамдык трагедияга алып келгенин айтып, ушул күндөрү Ливан өлкөсүнө каршы болуп жаткан дагы бир кооптуу акцияга күбө болуп жатышканын жана бул аймакка жана дүйнөгө коркунуч туудура турган чоң согушка алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Өткөн дүйшөмбүдөн бери Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү аймактарга массалык чабуулдарын баштап, азыр да улантууда.
Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин өзгөчө кырдаалдар борборунун билдирүүсүнө караганда, Израилдин Ливандын ар турдуу райондорун бомбалоосунун натыйжасында курман болгондордун саны 1540 адамга жетти, 5,4 миң карапайым тургун жарадар болду.
Ливандын айлана-чөйрөнү коргоо министри Насер Ясин бейшемби күнү өлкөнүн түштүгүндөгү чабуулдардан улам 250 миң ливандык жер которууга аргасыз болгонун, алардын 77 миңи убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жайгаштырылганын билдирди.
Ливандын кризисти башкаруу уюму да бейшемби күнү жер которгон 31 миңден ашуун адам Сирияга өткөнүн жарыялады. Уюмдун маалыматы боюнча, акыркы эки күндө Ливандан Сириянын 15 600 жараны жана 16 130 ливандык жаран Сириянын аймагына кирген.


















