Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан VI кыргыз-орус экономикалык форумунда экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталган 20 млрд сомдон ашык каражатка бир нече келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Орус-Кыргыз Өнүктүү фондунун жетекчиси Артем Новиков билдирди.
Ал белгилегенлей, форумдун алкагында төмөнкү келишимдер түзүлдү:
1. Чандалаш кичи ГЭСинин курулушу (Жалал-Абад облусу) – Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ), «Альфа Ойл» ЖЧКсы жана «Русатом Сервис» ААКнын ортосунда 40 миллион долларга чейинки суммага келишим.
2. Жерүй ГЭСинин курулушу (Талас облусу) – ОКӨФ менен «Альянс Гидро» ЖЧКсынын ортосундагы 40 млн долларга чейинки эки тараптуу келишим.
3. «Кыргыз темир жолу» оңдоо ишканаларынын өндүрүштүк комплексин модернизациялоо – ОКӨФ менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын ортосунда орусиялык технологияларды колдонуу менен 5 млн.
4. Бишкек шаарында мейманкана комплексин куруу – ОКӨФ менен «Азимут Хотел Компани» ЖЧКсынын ортосунда 12 миллион долларга чейинки суммага келишим.
5. Базальт буласын өндүрүү – ОКӨФ менен «Изо-Пенопласт ЛТД» ЖЧКсынын ортосунда базальт буласын өндүрүү боюнча 9 млн долларга чейинки экинчи линияны куруу боюнча келишим.
6. Чүй облусундагы таштандыларды кайра иштетүүчү завод КР Жаратылыш ресурстар министрлиги, «Таза Био Сервис» ЖЧКсы, ОКӨФ жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча төрт тараптуу меморандум. Каржылоонун так суммасы айтыла элек.
7. Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларын санариптештирүү – Бишкек мэриясы менен «Лартех Телеком» ЖЧКсынын ортосунда шаардык ишканаларды санариптештирүү жана диспетчерлөө боюнча меморандум. Каржылоонун так суммасы айтыла элек.
8. Индустриалдык-технологиялык парктарды түзүү – индустриалдык-технологиялык парктарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо үчүн КР Экономика министрлиги менен Россия Федерациясынын Өнөр жай министрлиги кол койгон жол картасы.
Новиков мындай форумдарда жалпысынан 1 млрд долларлык келишимдерге кол коюлганы айтып, фонддо мындан ары да Кыргызстанда ири долбоорлорду коркпой ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди.
Буга чейин Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы үч долбоорду 80 миллион доллардан ашык каржылоону жактырган.
Фонддун кеңешинин жыйыны Ысык-Көлдүн Бостери айылында өттү. Форумдун жыйынтыгында ОКӨФнун 2023-жылдын аягына карата ишмердүүлүгү ийгиликтүү деп табылды.
Белгилей кетсек, форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын жана Орусиянын энергетика, өнөр жай, айыл чарба, туризм, IT жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын жетекчилери катышты. Ал эми ага катышкан КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө пленардык сессия, тематикалык талкуулар, келишимдерге жана меморандумдарга кол коюу, B2B сессиялары, көргөзмө-жарманкелер өткөрүлдү.
Форумдун максаты – өнөр жай кооперациясы, соода-экономикалык кызматташтык жана экономиканын бардык негизги багыттары боюнча эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы мамилелерди чыңдоо болуп саналат.




















