Eurasiatoday
Жекшемби, 15-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эт эмнеге кымбаттады?

  • Экономика
  • 11.09.2024 13:24

Loading

Кыргызстанда акыркы эки айда эттин баасынын жогорулаганы байкалып, айрыкча Бишкек шаарындагы ири базарларда: Ош, Аламүдүн, Орто-Сайда сулп эттин баасы 750 сомго чейин чыкты.

Элге күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн катарына кирген эттин баасынын кескин жогорулашынан кийин Монополияга каршы кызмат 7-августтан 5-сентябрга чейин мониторинг жүргүзгөн.

Аталган мекеме жүгүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстанда уйдун сулп этинин баасынан тышкары козу этинин баасы 2,3 % , уй эти 5,3% кымбаттаган. Башкача айтканда, кой этинин сулп этинен тышкары бир килограммы 564,7 сомдон 577,5 сомго чейин, ал эми уйдун сулп этинен тышкары бир килограммы 544,4 сомдон 573,1 сомго жогорулаган.

Тема боюнча

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

02.10.2026

Мындан тышкары аталаган мекеме эттин баасынын көтөрүлүшүнүн дагы бир себеби катары ички рыноктогу тартыштыкты жараткан мал жандыктын кошуна өлкөлөргө экспорттолушу да себеп болуп жатканын түшүндүргөн.

Бул пикирди сатуучулар да колдоп, баанын өсүшү тирүү жана союлган бодо малдын кошуна өлкөлөргө көбүрөөк экспорттолушуна байланыштуу экендигин айтып жатышат.

Бул маалыматтар соц.тармакка чыгып, коомчулуктун талкуусуна айланып, ар кандай пикирлиреди жаратууда. Айрыкча, Фейсбук колдонуучулары азык-түлүктүн баасын туруктуу көзөмөлдөй албаган Монополияга каршы кызматына нааразычылыктарын билдирип жатышат.

Ошол эле маалда, Кыргызстандагы азык-түлүккө болгон баанын кымбатташы чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын да көңүлүн бурду. Айрымдары Кыргызстандагы бааны Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн азык-түлүк баасына салыштыруу менен эң төмөнкү пенсия, жөлөкпул жана эң төмөнкү айлык маянаны да салыштырышууда.

Чындыгында элдин социалдык абалын эске ала турган болсок, минималдуу айлык маяна, пенсия, жөлөкпулду да эске алган оң.

Расмий маалыматтарага таяна турган болсок, азыр Кыргызстанада эң төмөну пенсия көлөмү 6000 сомду, орточо айлык акы 35 000 сом, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөлөк пулдары 2000 сомдон 7500 миңге чейин көрсөтүлгөн.

Бул маселеге көңүлүн бурган мигранттардын катарында Молдовада эмгектенип жүргөн Бектурсун Саламатов да пикирин билдирип: “Мал чарбачылыгын жана малдын этин ички сатыкка эл үчүн бир баа, сырткы сатыктагы экспортко башка баа коюлуп, нан, сүт, эттен тышкары күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктөр карапайым элдин чөнтөгүнө жараша коюлушу керек.

Тамак-ашка бааларды коюп жатып, пенсионерлерди, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, студенттерди жана жашы жете элек балдардын социалдык абалын эске алышыбыз шарт.

Мисалы, Молдовада, минималдуу айлык маяна – 12 000 лей, ал эми эң төмөнкү пенсия 2000 лей.

Расмий Молдова 1-апрелге карата майыптыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмүн: Майыптар үчүн — 2083,40 лей (мурда 1965,47 лей), майыптыгы боюнча – 1944,50 лей (мурда 1824,43 лей) деп жарыялады.
Молдова валюта курсу лей менен кыргыз сомун салыштырганда 1 сом – 0,21 лейди түзөт”,- деп билдирди.
Жергиликтүү базарлардагы эт саткан соодагерлердин айтуусунда, ири мүйүздүү малдын тирүүлөй кошуна өлкөлөргө экспорттолуп жатышынан улам мал базарларда сатыла турган малдын саны азайып кеткен.

Фейбук колдонуучу Такен Макиш аттуу жаран эттин баасынын жогорулашы боюнча өзүнүн төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

– Учурдагы эттин баасы боюнча көп сөз болуп жатканына байланыштуу пост жаздым эле, кокустан өчүрүп алдым да, кайталап койууну туура көрдүм. Мал багуунун түйшүгүн баккан кана киши билбесе, башкалар түшүнүшү кыйын.

Эттин баасы ага кеткен чыгымдардын курамынан турат эмеспи. Мисалы: мал бир суткада 1000 грамм тирүү салмакка өсүш үчүн ага 4 кг жем, 30 кг кургак, чыктуу тоюттар, кошулмалар, туз, жумуш, гсм, свет ж.б. кетет. Болжол менен бул 400 сомду түзөт. 1000 грамм тирүү салмактан эң жакшы болгондо 0,6 кг. эч чыгат. 400:0,6кг= 666 сом.

Бул , эттин болгону 0,6 кг.нын өздүк наркы. Ал эми 1 кг. эттики 932 сомду түзөт. Бул бордолгон малдын этинин өз наркы. 30 күнгө бордогонго кеткен чыгым 28000 сомду түзөт. Учурда бизде малдын башынын көптүгүнөн эт өз наркынан арзан сатылууда. Эттин баасын туруктандырыш үчүн фермерлеге пайызы жок кредит, субцидия жана башка колдоолор болуусу шарт. Башка жол жок, себеби рынок өз мыйзамдары менен бааны аныктайт.

Ал эми Орусиядагы мигранттардын айтымына караганда, уйдун эти 600 рублден, 700 рублге чейин сатылып жатат. Орусияда орточо айлык акы 50 000 рублди түзөт.

Маалымат иретинде:

2024-жылдын сентябрь айына карата республика боюнча жалпы 4389.3 миң тонна тоюттар жыйналды

2024-жылда республика боюнча жалпы ири мүйүздүү 1 млн 802 миң 299 баш мал катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен саан уй 902 244 баш, жылкы 542 527 баш, кой-эчкилер 6 млн 216 миң 125 баш, үй канаттуулары 6 млн 988 миң 968 жана чочколор 29 миң 676 баш.

2024-2025-жылга мал кыштатууга (ири мүйүздүү мал, жылкы, кой –эчкилер, үй канаттуулар жана чочколор) жалпы 5 387.9 миң тонна тоюттар керектелет.

– анын ичинен кесек тоют (чөп, сенаж, саман) – 3621,0 миң тонна,

– силос – 325.0 миң тонна,

– азык тамырлануучу тоюттар -216,5 миң тонна

– концентраттар – 1 225.4 миң тонна тоют керектелет.

2024-жылдын сентябрь айына карата жалпы 4389.3 миң тонна тоюттар жыйналды же 2024-2025-жылга мал кыштатууга керектеле турган тоюттардын 81 пайызы даярдалды.

Даярдалган тоюттар;

-жалпы кесек тоют- 3527.8 миң тонна (97%);

-аралашма тоютка дан азыктар 798.1 миң тонна (65%);

-чыктуу тоют – 63.4 миң тонна (0,19 %) даярдалды.

Чыктуу тоютка даярдалган тоют өсүмдүктөрү сентябрь, октябрь айларында жыйналат.

Республика боюнча сентябрь айына карата тоюттардын орточо баасы;

табигый чөп 1 түк 18-20кг -160-180 сом.
беде чөп 1 түк 18-20кг – 200-220 сом
арпа саман 1 түк 18-20кг – 60-70 сом
буудай саман 1 түк 18-20кг -50 сом
буудай 1 кг -13-14 сом
арпа 1 кг – 11 сом
жүгөрү 1 кг – 16 сом.

Эттин баасы дүйнөлүк рынокто кандай?

Былтыр Апрель айында эттин дүйнөлүк баасынын индекси 1,3%га өскөн.
Быйылкы жылы азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын индекси биринчи жолу көтөрүлдү. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму билдирген.

Маалыматка ылайык, эттин баасынын индекси бир ай ичинде 1,3%га жогорулаган.
Ошондой эле Азия өлкөлөрү этке болгон суроо-талапты көбөйткөн. Ал эми малды жем-чөп, керектүү башка азыктар менен камсыздоодогу көйгөйлөрдөн улам өндүрүш басаңдаган.

“Уй этинин дүйнөлүк баасы да биринчи кезекте Америка Кошмо Штаттарында союлуучу малды жеткирүүнүн кыскарышынан улам кымбаттады”, – деп айтылат маалыматта.

Ошону менен катар БУУнун Азык -түлүк программасы Тажикстанда эттин баасынын жогорулаганын белгилеген. Маалыматка ылайык, акыркы учурда Тажикстандын базарларында эттин килограммы 85-90 сомониден сатылууда.

Бул көрсөткүч өткөн жылдагыга салыштырмалуу уйдун этинин баасы 27:га кымбаттагандыгын көрсөтүп турат.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: кымбатчылыкэтэттин баасы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Дүйнө өлкөлөрүндө эттин баасы канча?

Дүйнө өлкөлөрүндө эттин баасы канча?

29.10.2026
А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

А. Меделбек уулу: “Эттин баасынын өсүшүнө бир гана фактор себеп болуп жатат деп айтууга болбойт”

02.10.2026
Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

Эми эт белгиленген баада гана сатылат: Бирдиктүү баалар жарыяланды

17.09.2026
АКШда бодо малдын тартыштыгынан улам уй этинин баасы кескин кымбаттады

АКШда бодо малдын тартыштыгынан улам уй этинин баасы кескин кымбаттады

07.08.2026
Өзбекстанда мал чарбасын жана канаттууларды өстүрүү боюнча чаралар сунушталды

Өзбекстанда мал чарбасын жана канаттууларды өстүрүү боюнча чаралар сунушталды

06.08.2026
Түркмөнстандын эти Өзбекстанга ташылууда

Түркмөнстандын эти Өзбекстанга ташылууда

16.07.2026
Тажикстан жарым жыл ичинде 13,8 миң тонна этти дээрлик 53,4 млн долларга импорттоду

Тажикстан жарым жыл ичинде 13,8 миң тонна этти дээрлик 53,4 млн долларга импорттоду

16.07.2026
Эң кымбат бензин кайсы өлкөдө?

Эң кымбат бензин кайсы өлкөдө?

15.07.2026
Т. Мамытов: Дыйканды коргоо – азык-түлүк коопсуздугун урматтоо

Т. Мамытов: Дыйканды коргоо – азык-түлүк коопсуздугун урматтоо

08.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.