Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Юсупов буга чейин директордун орун басары болуп эмгектенип келген. Ал эми комиссиянын 2021-жылдан берки директору Тойгонбай Абдыкаров 6-сентябрда өз арызы менен иштен кеткен.
Анын иштен кетиши “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн долбоору сунушталып, коомчулук тарабынан талкууланып жаткан учурга туш келген.



















