Коңшу Өзбекстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы Кыргызстанга келди. Аларды 8-сентябрь күнү, «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) өкүлдөрү тосуп алышты.
Биримдиктин Аткаруу комитетинин мүчөсү Бахадыр Кочкаров жетектеген КФБ өкүлдөрү Өзбекстан курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, сыйлуу тосуп алышты.
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандап алуу раунду алкагында беттешет. Оюн Бишкектеги жаңыланган Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 10-сентябрда саат 20:00дө өтөт.
Буга чейин “Ак шамкарлар” Ирандын Улуттук курамасы менен 5-сентябрда беттешип, 1:0 эсебинде жеңилген.
Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандап алуу раундунун биринчи турунун жыйынтыгы менен “А” тайпасындагы БАЭ, Иран жана Өзбекстанда 3төн упай болсо, Түндүк Корея, Кыргызстан жана Катарда упай жок.
Эми бир айдан кийин, тагыраагы, 10-октябрда “Ак шумкарлар” Катардын Улуттук курамасы менен конокто беттешет. Ал эми 15-октябрда Түндүк Кореянын футболчуларын өз үйүбүздө кабыл алабыз.
Мындан сырткары, кыргыз футболчулары 14-ноябрда БАЭ менен конокто беттеш өткөрсө, 19-ноябрда Иранды Бишкекте кабыл алат. Ошону менен 2024-жылдагы оюндар жыйынтыкталат.



















