Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Казакстандын Астана шаарына Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен барат.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Кезектеги Оюндар Казакстандын борборунда 9-12-сентябрь аралыгында өтөт. Иш-чарага 80ден ашуун өлкөдөн 3000ден ашык спортчулар катышат”, – деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт. Мелдештер калаанын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын 6-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанага узатып, аларга ийгилик каалады.
2014-жылдан бери Кыргызстандын демилгеси менен өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан.



















