5-сентябрь күнү «Кыргызалтын» ААК ата мекендик өндүрүштөн чыккан алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөнүн расмий түрдө ачты.
Жаны ачылган дүкөндөндө баа Лондондогу баалуу металлдар биржасына карап күн сайын жаңыланып, бирок алуучу кардардан паспорт талап кылынбайт. Муну 30-август күнү аталган компаниянын ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров билдиргенин «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын өндүрүш жана геологиялык чалгындоо иштери боюнча орун басары Бузурман Субанов маалымат жыйында айтып өттү.
Ал журнаисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Дүкөндү ачуудан мурун рынокту тыкыр изилдедик. Буга чейин алтындын чендик куймаларын Улуттук банк 2022-жылдан баштап, 1 граммдан, 13 килограммга чейин сатып келген. Эми, Кыргызстанда бирининчи жолу “Кыргызалтын” ААК ата мекендик өндүрүштө өндүрүлгөн алтын куймаларын сатууга чыгарды.
Каражатты алтынга салуу абдан маанилүү. Капиталды акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаган оң. Анткени, алтындын баасы дайыма өсүп турат. 2018-жылдан бери эле туруктуу стабилдүүлүкту көрсөтүп, өсүштө келе жатат”,- деди.
Субановдун айтуусунда, “Эми алтындын чендик куймалары республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү болуп, алтындын чендик куймалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө сатыкка чыгат:
1 грамм, 2 грамм, 10 грамм, 20 грамм.
Ошондой эле сентябрь айынын аягына чейин 5 грамм, 31,1035 грамм (1 унция), 50 грамм жана 100 грамм өлчөмдөгү алтындын чендик куймалары сатып алуучуларга сунушталат. Алтындын чендик куймаларын сатууда, куймалардын аныктыгын тастыктаган милдеттүү түрдө өзүнчө QR-коддун тиркелүүсү менен ишке ашырылат.
Ал чендик куймаларды сатуунун максаты-инвестициялык чөйрөдөгү керектөөнү канааттандыруу жана аларды инвестициялык актив катары пайдалануу. Чендик куймалардагы баалуу металлдар – эстелик үчүн жана баалуу белек катары колдонууга болорун эскертти.
Белгилей кетсек, алтын куймаларына инвестиция салуу – каражаттарды сактоонун эң ишенимдүү жана натыйжалуу жолу болуп эсептелет. Алтын куймалары, биринчи кезекте, келечекте узак мөөнөткө сактоо үчүн чыгарылган.
Ошондой эле, валюта рыногундагы баанын туруксуз мезгилинде көпчүлүк инвесторлор баасы туруктуу болгон алтындын курсуна басым жасоо менен өз каражаттарын металл рыногуна инвестициялоону ишенимдүү деп эсептешет.
Алтынга болгон инвестициялар алтындын дүйнөлүк баасынын өзгөрүүсүнөн да, валюта курсунун өзгөрүүсүнөн да пайда алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондуктан жеке жана юридикалык жактар баалуу металлдарды аталган компаниянын алтын дүкөнүнөн накталай же накталай эмес түрдө шаршембиден жекшембиге чейин, жумуш убактысында сатып ала алышат.
Эскерте кетсек, аталган фирмалык дүкөн ачылгандан кийин, алгачкы кардарлар келип, алтындын чендик куймаларын сатып алышкан.
Ал эми алтындын бүгүнкү күнгө карата баасы көтөрүлөт, бирок түшпөйт. Салыштырмалуу кайсы гана валюта болбосун куну качышы мүмкүн. Бирок, куймалардын баасы алтындын дүйнөлүк баасынан жана доллардын курсунан көз каранды.
Алтын дүйнөлүк баада
Учурда Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын трой унциясы (31,1 грамм) 2 500 доллардан сатылып жатат.
Алтын 1,5-2 жылда кымбаттап, бир трой унциясы 3000 долларга чейин чыгышы мүмкүн экендигин “Селигдар” холдингинин президенти Александр Хрущ Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумунда айткан.
Учурда Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын трой унциясы (31,1 грамм) 2 500 доллардан сатылууда.
Ал эми Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь айында алтындын эсебинен экспортту көбөйткөн. Өткөн жылга салыштырмалуу 46,6%га өскөн. Тагыраагы, Кыргызстандан 181,3 млн долларлык продукция экспорттолгон. Экспорттун өсүшү Кытай менен Швейцарияга алтын сатуунун эсебинен болгон. Кыргызстан жалпысынан 1 тонна 143 килограмм алтынды 74, 8 млн долларга саткан.
Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз алтынын Улуу Британия да сатып алган.
Бизге кошуна мамлекеттерде да атамекендик өндүрүштөн чыгарылган алтынды чет мамлекеттерге экспорттоо жогорулоодо. Мисалы, Өзбекстандын Борбордук банкы коммерциялык банктар аркылуу алтындын чен куймаларын жүгүртүүгө чыгарат.
Маалыматка караганда, сатыкка 5,10,20 жана 50 граммдык 999,9 үлгүдөгү таза алтын чыгарылат.
Куймаларды сатуу жана сатып алуу баасы алтындын дүйнөлүк баасына, ошондой эле Борбордук банк белгилеген маржа менен дисконтторго жараша аныкталат.
Куймалар италиялык Certiline Srl компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан атайын корголгон таңгактарда чыгарылат.
Өзбекстан январы-март айларында 2 миллиард 664 миллион 300 миң долларга алтын экспорттогон.
Ал эми Тажикстандын алтын экспорттоосу 2024-жылдын биринчи кварталында 298 млн долларды түзгөн.
Жалпысынан Тажикстан быйылкы жылдын алгачкы үч айында 614 млн долларга товар жана продукцияларды экспорттогон. Ал эми продукцияны эң көп экспорттогон өлкө Швейцария болуп саналат.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.












