Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча жалпы элдик референдум 2024-жылдын 6-октябрында өткөрүлөт, деп билдирди республиканын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда.
Президенттин айтымында, өлкө тез арада ишенимдүү жана экологиялык жактан таза энергия булактарына муктаж. Алдыда боло турган референдум “кеңири улуттук диалог” катары “уккан мамлекет” концепциясын ишке ашыруунун үлгүсү болуп калат.
«Негизи бул кадамдар менен биз жаңы коомдук-саясий маданиятты калыптандырып, мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жаңы стандарттарды түзүп жатабыз», – деди Токаев.
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча талкуулар бир нече жылдан бери уланып келет. 2023-жылы сентябрь айындагы кайрылуусунда Токаев бул маселе боюнча жалпы элдик референдум жарыялаган. Курулуш жүрүүчү аянт катары Алма-Ата облусундагы Балхаш көлүнүн жээгинде жайгашкан Үлкөн айылы аталып, ал жерде алгачкы ачык коомдук талкуу өткөн.



















