АКШдагы Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп Демократиялык партиядан атаандашы, учурдагы вице-президент Камала Харрис менен 10-сентябрда ABC News телеканалында теледебат өткөрүүнү макулдашты.
“Ррадикалдуу солчул демократ Камала Харрис менен дебат өткөрүү жөнүндө макулдаштым. Аларды 10-сентябрда эң адилетсиз каналдардын бири ABC News каналында көрсөтүлөт”, – деп жазды Трамп TruthSocial социалдык тармагында.
Трамп дебат CNN өткөргөн мурунку президент Жо Байден менен болгон дебаттарда колдонулган эрежелерге ылайык өткөрүлөрүн баса белгиледи. Өткө дебатта талпкерлердин бири сүйлөп жактанда экинчинин микрофону өчүрүлүп турган. Мындан тышкары, модераторлорго баяндамачылардын жоопторуна кийлигишүүгө да тыюу салынат.
Трамп буга чейин теледебаттын үч раундуна даяр экенин айткан, алардын бирин 4-сентябрдагы консервативдик Fox News каналында өткөргүсү келет. Республикачылардын айтымында, Харрис бул күнкү дебатка катышуудан баш тартты. Ошол эле учурда, саясатчы эгерде Камала Харрис макул болуп калса, Fox News телеканалы 4-сентябрдагы дебаттар үчүн берүүлөр графигинен орун калтырат.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Июль айында Жо Байден президенттик шайлоодогу жарыштан чыкканын, вице-президент Камала Харристи талапкер катары колдорун жарыялаган.
22-августта АКШда Демокарттар партиясынын улуттук курултайы жыйынтыкталып, вице-президент Камала Харрис президенттикке талапкерликти расмий түрдө кабыл алган.
Республикалык партиядан расмий түрдө Дональд Трамп көрсөтүлгөн.


















