Германиянын канцлери Солинген шаарында 23-августтагы кол салууда каза болгондорду эскерип жатып, мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо чараларын күчөтүү зарылдыгын билдирди. Ал ошондой эле Германияда курал алып жүрүү эрежелерин катаалдаштырууну убада кылды.
“Германияда кала албаган жана ага уруксат берилбегендер мыйзамдуу эрежелерге ылайык депортацияланышы үчүн биз мүмкүн болгон мыйзамдуу чаралардын баарын кылышыбыз керек”,- деди Шольц. “Албетте, азыр биз Германияда курал-жарак алып жүрүү эрежелерин дагы бир жолу катаалдаштыруу жөнүндө сүйлөшөбүз. Айрыкча бычак алып жүрүүгө байланыштуу, бирок дагы башка көптөгөн нерселер жөнгө салынышы керек”, – деп кошумчалады ал.
Солингенде (Түндүк Рейн-Вестфалия) кол салуу 23-август, жума күнү кечинде шаардын 650 жылдыгына арналган фестивалда болгон. Натыйжада үч адам каза болуп, сегизи жарадар болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму өзүнө алды. Башкы шектүү 26 жаштагы сириялык жаран бийликке багынып берген.

















