Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, окумуштуу Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Кабарды маркумдун жакындары тастыкташты.
Илгиз Айтматов – тоо кен геомеханикасы боюнча адис. 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон.
Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган.
Айтматов 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.
2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.




















