Франциянын президенти Эммануэль Макрон Telegram каналынын негиздөөчүсү Павел Дуровдун кармалышы боюнча биринчи жолу комментарий берди. Тийиштүү билдирүүнү республиканын башчысы өзүнүн X социалдык тармагындагы барагына жарыялады.
«Мыйзамдын үстөмдүгүнө ылайык, реалдуу жашоодо болгондой эле социалдык тармактарда да жарандарды коргоо жана алардын негизги укуктарын сактоо үчүн мыйзамда белгиленген чектерде эркиндиктер ишке ашырылат. Францияда Telegram жетекчисинин камакка алынышы жүрүп жаткан соттук тергөөнүн алкагында болду», — деп жазган Макрон чечимди соттор чече турганын кошумчалады.
Анын айтымында, бул чечим эч кандай саясий эмес.
Буга чейин маалымат каражаттары Павел Дуров Францияда 24-август күнү кечинде кармалганын жазган.



















