Кечээ, 22-августта Ташкентте Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы, Кыргызстандын Эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Өзбекстан Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү Султан Раевдин “Тандалган чыгармалар” аттуу китебинин бет ачары өткөнүн “Кабар” агенттиги жазды.
Өзбекстандын Жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган иш чара Султан Раевдин өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө менен башталып, андан соң анын өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү, түрк өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон зор салымы тууралуу тасма көрсөтүлдү.
Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасы, Сирожиддин Сайиддин айтымында, Султан Раевдин “Тандалган чыгармалары” аттуу китеби Өзбекстан Жазуучулар союзунун колдоосу менен жарык көрүп, ага жазуучунун “Топон” романы, “Күн тутулган күн” повести, беш пьесасы, онго жакын аңгемеси кирген.

Раевдин чыгармаларын өзбек тилине Ахмаджон Мелибоев, Зухриддин Исомиддинов, Жаббор Эшонкул, Авлиёхан Эшон, Дилфуза Каршибоева, Хилола Абдусаломова, Эркин Бойназаров, Абдугани Абдугафуров сыяктуу жазуучу-котормочулар которгон.
Ошондой эле кыргыз жазуучусунун чыгармалары “Дүйнөлүк адабият”, “Жаштык”, “Чыгыш жылдызы”, “Хуррият” сыяктуу бир катар гезит-журналдарда жарык көргөн. Анын бир катар аңгемелери 2021-жылы өзбек тилинде жарык көргөн 100 томдук “Түрк адабиятынын шедеврлери” жыйнагына кирген.
Сирожиддин Сайиддин соңку жылдары Чыңгыз Айтматов, Низамий Гянджавий, Махтумкули Фирогий жана башка көптөгөн түрк элдеринин жазуучу жана акындарынын чыгармаларын жайылтууга, алардын туулган күндөрүн белгилөөгө чоң маани берилип жатканын белгиледи.
“Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Жазуучулар союздары менен масштабдуу кызматташтык түзүлдү. Боордош элдердин жазуучулары менен акындары адабий иш-чараларга, форумдарга, конференцияларга активдүү катышууда. Ошол эле учурда дүйнөгө таанымал Кыргызстандын Эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин катышуусунда көптөгөн адабий долбоорлор ийгиликтүү өтүүдө. Бул жагынан алгылыктуу чыгармаларга татыктуу салым кошуп келе жаткан Султан Раев чындыгында эле ѳзбек элинин жазуучусу деп эсептелинет. Анын өзбек тилинде жарык көргөн “Тандалган чыгармалар” аттуу китеби адабиятыбыздын казынасынан бекем орун алган”, – деди ал.
Бет ачарда сөз сүйлөгөн Султан Раев Кыргызстандагы өзбектердин арасында чоңойгонун белгиледи.
“Бүгүн президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Өзбекстанда глобалдык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Өзбекстандын жетишкен ийгиликтери бул өлкөдө болуп жаткан жаңылануу процесстеринин практикалык натыйжасы. Өзбекстан дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү менен атаандашууда. Улуу Амир Темурдун тушунда бул жер канчалык атак-даңкка бөлөнсө, Өзбекстан дагы да бийиктиктерге умтулууда. Мунун башында президент Шавкат Мирзиёевдин адабиятка, руханиятка, агартууга болгон көңүл буруусу жатат. Бүгүн мен үчүн бактылуу күн. Менин китебим Алишер Навои тилинде жарык көрдү. Менин жѳнѳкѳй эмгегимди жогору баалагандыгы учун чын дилден ыраазымын”, – деди.
Султан Раев 2022-жылдын апрелинде ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп бекитилген.
Жазуучу өзүнүн эмгек жолун республикалык гезиттин башкы редакторлугунан баштап, Билим берүү жана маданият министри, президенттин кеңешчиси, ЮНЕСКОнун атайын өкүлү жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ОТС) башкы катчысынын орун басары жана башка бир катар жооптуу кызматтарды келген.
Ал өмүр бою мамлекеттик иштер менен катар чыгармачылык менен да алектенип, кыргыз адабиятына да зор салым кошуп кошуп келет.
Жазуучунун түрк дүйнөсүнүн кеңири окурмандарына жеткен аңгемелери, романдары, драмалары жана сценарийлеринен тышкары дүйнөнүн ар кайсы тилдеринде жарык көргөн чыгармалары Азия жана Европа континенттеринин ар кайсы өлкөлөрүндө чоң резонанс жараткан. Ал маданияттар аралык жакындашууну жана ар кайсы мамлекеттердин жана элдердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн ар кайсы мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын көптөгөн жогорку сыйлыктары менен сыйланган.
Султан Раевдин чыгармалары дүйнөнүн бир катар англис, кытай, түрк, орус, украин, өзбек, казак, мажар тилдерине которулган.



















