Азыр Кыргызстанда президент кайсы жакка көрсөтмө берсе, ошол жак кыймылга келип аткандай сезилип атат. “Бак отургузалы”,-дегенде баарыбыз ушул сөздүн урматына бак отургузууну күчөтүштү. Анын канчасы бүрдөдү белгисиз, бирок президент иш баштаган тарап кызуу жүрө турган болду.
Бүгүн, 21-августта Садыр Жапаров дагы бир демилгени көтөрдү. Ал элди таштанды таштабоого, оор келбесе, көргөн жерден терип, жаратылыш койнун акыр-чикирден тазалай жүрүүгө чакырып, өзү да таштанды терип, видеосун фейсбуктагы өзүнүн расмий баракчасына жарыялады эле, 2 саатта 2 миң лайк басылып, миңге жакын адам бөлүштү.
Ал бул видеону кайсы капчыгайда тартканын айткан жок, бирок эң маанилүүсү элди тазалыкка чакырган мыкты видео болду десек жаңылышпайбыз. Муну көргөн жетекчилер талаадагы таштандыларды тазалоого катуу жан үрөп беришсе экен деген эле ой. Анткени, өлкө аймагындагы жашыл аймактарда пластик таштандылар көбөйгөндөн көбөйүп барат. Муну өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз.
Кыргызстан талаага таштанды таштоо өнөкөтүнөн арылбай келет. Жаратылышка эс алууга чыккандар же өтүп баратып деле таштанды таштап кеткен көрүнүштөр көп. Айрыкча жайыт аймактарда үйүлгөн таштандылар жаткан көрүнүштөр өлкөнүн көп эле райондорунда учурайт. Мисалы: өлкө түштүгүндөгү Алай, Араван райондорундагы талааларды айтса болот.
Жогорудагы постто жазылган маселе айтылган көйгөйлөрдүн бирден бир анык мисалы. Бул пост ушул жылдын апрель айынын ортосунда жазылган. Бирок Алай районунун акимчилигине жеткен жокпу, айтор таштанды алынган жок.
Ушундай эле көрүнүш Араван районундагы жайыт аймактарында абдан көп кезигет. Тактап айтканда, район борборунан Улуу-Тоо тарапка бараткан жолдо баш аламан ташталган таштандыларды көрүүгө болот. Болбосо бул жолдо райондун таштанды талаасы бар. Ага жетпей эле адамдар акыр-чикирлерин жол боюна төгүп кете беришкен. Муну да район акими колго алып, жол жээгиндеги таштандыларды тазалоо иш-чарасын уюштуруш керек болчу.
Айрым учурда ушинтип таштандыларга байланышкан абалды айтып, жарандык коомдун же ЖМК өкүлдөрү көйгөй катары көтөрүп, айрым коомдук уюмдар таштандылар арылуу максатында иш-чараларды өткөрүп келишет. Бирок талаага ыргытылган таштандыларды тазалоо иши мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чара катары өткөрүлө элек.
Быйыл жаз алды менен Сулайман тоого пластик идиштерди алып чыгууга тыюу салынды. Антпесе, суу көтөрө чыгып, ичип болгондо буюмун көрүнгөн жерге ыргытып салып кете беришчү.
Экологдордун түшүндүргөнүнө караганда, жаратылышты бардык нерсенин душманы болгону менен, бир гана ушул пластиктики жок экен. Мисалы: Ар кандай технологияларды колдонуу менен жасалган пластик буюмдар 400дөн 700 жылда, ал эми биз күн сайын колдонгон желим баштыктар табиятта 100-200 жыл ичинде араң чирийт экен. Мындан сырткары, айнек идиштерди жаратылышка таштаса, миң жылга чейин зыянын тийгизип жата берээри аныкталган.
Эсиңиздерде болсо керек, 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бир жолу колдонула турган желим буюмдардан баш тартып, “жашыл экономиканы”, айлана-чөйрөнү коргоону көздөгөн демилгени колдоого чакырган. Анын негизинде Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынган. Аны менен катар желим баштыктардан баш тартуу демилгеси да көтөрүлгөн. Ал эми 90 мамлекет зыяндуу баштыктарга толук тыюу салынган.
Эмне кылыш керек?..
Негизи кайсы коом болбосун таштанды маселеси – комплекстүү мамилени талап кылат. Коомчулукка анын зыяндуулугу жана аны туура утилизация кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин тынымсыз уюштуруп туруу абзел. Экологиялык билим берүү программаларын жана өнөктүктөрүн байма-бай өткөрүү – эл арасындагы маалымдуулукту жогорулатууга жана адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө жардам берет.
Биз жашаган коом, бизди курчап турган жаратылыш таза болсун десек, анда таштандыларды тазалап туруу иш-чараларын, акцияларын дайыма уюштуруп туруу керек.
Таштандыларды таштап, утилизациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды салуу менен ал мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлдөп, тазалыкты сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоого активдүү катышкандарга атайын сыйлыктарды уюштуруу зарыл.
А. Белеков.

















