Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын кезектеги жолугушуусу Баткен шаарында өттү. Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 11-августунан 17-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги отуруму болуп өттү. Анда Кыргызстан жана Тажикстан республикаларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрү өттү.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.
Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достуктун жана ез ара тушунушуунун кырдаалында өттү.



















