Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили согушту 2008-жылдын августунда сырттан келген буйрук менен баштаган. Бул тууралуу бийликтеги “Грузин кыялы – Демократиялык Грузия” партиясынын саясий кеңеши билдирди, деп жазат Ipress маалымат сайты.
«Саакашвилинин 2008-жылдын августундагы авантюралык аракеттери анын психикалык туруксуздугунун эмес, сырттан буйрутмаланган жана жакшы пландалган чыккынчылыктын натыйжасы болгон», – деп белгиленет текстте.
Партия Саакашвилинин аракеттери Орусиянын аскерий кийлигишүүсү үчүн укуктук негиз болуп, ал өз кезегинде Грузиянын аймактарын басып алууга алып келгенин ырастоодо.
Бул Саакашвилини Грузияда 2008-жылдагы аскердик жаңжалды баштады деп айыптаган биринчи учур эмес. Март айында парламент спикери Шалва Папуашвили 2008-жылы Түштүк Осетиядагы окуяларды Саакашвили башында турган ошол кездеги грузин жетекчилигинин саясий кылмышы деп билдирген.
Михаил Саакашвили 2021-жылдын 1-октябрында Тбилисиде жергиликтүү шайлоонун алдында өлкөгө кайтып келгенден кийин кармалган. Ага чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгон. Кошумчалай кетсек, Саакашвили өз мекенинде банкир Сандро Гиргвлианинин өлтүрүлүшү жана депутат Валерий Гелашвилинин сабалышы боюнча сыртынан соттолгон.
2008-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү грузин-осетин чатагы башталган. Грузин куралдуу күчтөрү Цхинвалиге ок чыгарып, шаарды басып алууга аракет кылышкан. Орусия тез арада Цхинвалиде жашаган орус жарандарын коргоо үчүн аскер бөлүктөрүн жөнөткөн.



















