15-августта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жетекчилери баштаган делегаттардын регионалдык форуму Ысык- Көлдө өттү.
Аталган регионалдык форум министр Бообек Ажикеевдин төрагалыгында Кыргызстанда уюштурулган.
Бул боюнча аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, форумда Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Чингыс Аринов, Тажикстандан Жарандык коргонуу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Латифзода Хотамшо Латиф, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Абдулла Кулдашев жана БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин Туруктуу Координаторунун жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлдөрү да катышууда.
Форумда министрлер климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу соңку мезгилдердеги табигый кырсыктардын кескин өсүшү дүйнө коомчулугун экология жана кырсыктардын алдын алууга багытталган чечкиндүү кадамдарды жасоого убакыт келип жеткени белгилешти.
Жыйында климаттын өзгөрүшү, өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүү жана алдын алуу, табигый кубулуштарга мониторинг, божомолдоо жүргүзүү дегеле, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана ошондой эле гуманитардык жардамдар тууралуу талкууланды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылы Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Казакстанда суу ташкыны болуп, Казакстандын бир катар аймактарын суу баскан. Кээ бир облустарынын тургундары эвакуацияланып, куткаруу иштери да болгон.
Ал эми Кыргызстанда жакында эле Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, адам өмүрүн алган окуялар катталган.
Мына ушундай эле көрүнүш Өзбекстанда болуп, катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.


















