Орусияда кыргызстандык жигит өз өмүрүн тобокелге салып, кичинекей баланы сактап калды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.
Окуя Орусиянын Нижневартовск шаарында болгон. Маалыматка караганда, 3 жашар баланы апасы аны керебетке байлап, үйгө жалгыз таштап кеткен. Бала терезе ачык болгондуктан, ал жакка чыгып алган.
Муну байкап калган Аман Батырбеков 9-кабаттан 8-кабатка аркан менен түшүп, баланы куткарып калган.
Ошондой эле ал полициянын келишин күтүп, баланы өткөрүп берген.
Ал эми полиция кызматкерлери ага ыраазылык билдиришкен.
Эскерте кетсек, Орусиянын аймактарында эмгек миграциясында жүрүп кокустуктарга туш болгон орусиялыктарга жардам берген мекендештерибиз көп.
Мисалы, жакында эле дагы бир кыргызстандык Алия Өзбекова аттуу айым Москва шаарындагы метронун рельсине кулап кеткен жаранды куткарып калган. Ал, “Поезд келе жатат! Жардам бергиле!”,- деп кыйкырган.



















